17.06.2021№ 490 2021-жылы 12, 13-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак жана Оро айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылы 12-ию
2021-жылы 12, 13-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак жана Оро айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия сынын 2021-жылдын 25-майындагы № 314 токтому менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак жана Оро айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Жумакеева Айгул Зарлыковна – Мин-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Миң-Булак айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын ичинен 10 депутаты катышып, А.З. Жумакеевага – 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Жумакеева Айгул Зарлыковна Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Оро айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Айтпаев Джидебек Бейшенович, Сопубеков Шакир Суеркулович – Оро айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июнундагы протоколу менен Оро айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, Дж.Б.Айтпаевге – 6 добуш, Ш.С. Сопубековго – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 13-июнундагы протоколу менен Айтпаев Джидебек Бейшенович Оро айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак жана Оро айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 12, 13-июнундагы Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Миң-Булак жана Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун 2021-жылдын 12-июнунда өткөрүлгөн Миң-Булак айыл өкмөтүнүн, 2021-жылы 13-июнунда өткөрүлгөн Оро айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12, 13-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак жана Оро айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Жумакеева Айгул Зарлыковна Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Айтпаев Джидебек Бейшенович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну
№ 490