№ 65 2016-жылдын 15-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча 2016-жылдын 1-апрелиндеги Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын № 12 чечими аркылуу берилген сунуштарынын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2016-жылдын 15-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Т.АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2016-жылдын  4- апрели

№65

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын

2016-жылдын  4- апрелиндеги

№ 65 токтомуна тиркеме

 

2016-жылдын 15-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары

 

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл району

Кумбел айылдык кеңеши

 

№ 3033 шайлоо участкасы

Борбору: Булансоготту айылындагы Ч.Исабаев атындагы орто мектеби.

Шайлоочулардын саны: 679

Чек арасы: Булансоготту айылы толугу менен кирет.

 

№ 3034 шайлоо участкасы

Борбору: Корумду айылдык клубу.

Шайлоочулардын саны: 1651

Чек арасы: Корумду айылы толугу менен кирет.