№ 9 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Н.Т. Раевдин,  А.К.  Деркембаеванын,  Ж.А.  Амантурованын,  Г.У.  Айдиеванын,  Д.М. Истакеевдин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын, аймактык шайлоо комиссиянын курамына резервде турган Б.К. Ниязов,  В.Н. Галимова киргизилгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1.Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жана резервинен «Туран» саясий партиясынан көрсөтүлгөн  Раев Нурбек Турдубаевич,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Деркембаева Айзада Касымалиевна, Амантурова Жаркын Адисбековна, Айдиева Гулназ Урматовна, Истакеев Дастан Маратович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ниязов Бердалы Карабекович, Галимова Венера Наиловна киргизилсин.

2.Бул токтом  «Эркин Тоо»  газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

       ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 10-январы

№ 9