№40 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал, Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак, Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова атындагы айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорд

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 6-февралындагы № 26 токтому менен 2018-жылдын 20- февралына дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 6-февралындагы № 25 токтому менен 2018-жылдын 22- февралына дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 12-февралындагы № 30 токтому менен 2018-жылдын 24- февралына дайындалган Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Бакай-Ата, Жумгал жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдоруна ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Укуеев Марлис Нуркасымович табылсын.
2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Кабак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
2.1. Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2.2. Нарын облусунун Жумгал районунун Кабак айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Самсалиев Максат Темиралиевич табылсын.
3. Араван аймактык шайлоо комиссиясынын С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3.1. Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
3.2. Ош облусунун Араван районунун С.Юсупова атындагы айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Файзуллаев Шукирилло Хабибиллаевич табылсын.
4. Бакай-Ата, Жумгал жана Араван аймактык шайлоо комиссиялары шайланган айыл өкмөтүрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 3- марты
№ 40