№399 2017-жылдын 21, 25-августунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөттөрүнүн............

2017-жылдын 21, 25-августунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 21, 25-августуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу, Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Түп, Кара-Буура, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Асакеев Алманбет Иманович табылсын.

2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Темирбеков Мансур Таштемирович табылсын.

3. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

3.1. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.2. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Манапов Азизбек Кубанычбекович табылсын.

4. Түп, Кара-Буура, Жайыл аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 28-августу, 
№ 399