2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү кылмышка шектүү жана айыпкер катары камакта кармап туруу жерлеринде болгон жарандардын конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, көрсөтүлгөн жарандын паспорту кылмыш иштери боюнча тергөө жана соттук органдарда жаткандыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2, 52-беренелеринин, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2015-жылдын 4-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө, биометрикалык каттоодон өткөн, шайлоочулардын тизмесине кирген жана добуш берүү күнү кылмышка шектүү жана айыпкер катары камакта кармап туруу жерлеринде болгон жарандардын инсандыгын ырастоочу документ катары тергөө изоляторунун жетекчиси жана тергөөчү күбөлөндүргөн паспорттун көчүрмөсү пайдаланылсын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, тергөө жана соттук органдарга жана башка мамлекеттик органдарга бул токтомдун жобосун ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алсын.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарын өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарын өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 29-сентябры
№ 161
2015-жылдын 29-сентябрында жарыяланды