№139 2017-жылдын 2-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 19-майындагы № 117 токтому менен 2017-жылдын 2-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынан кайра шайлоо боюнча  түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Акмолдоев Бактыбек Бородоевич табылсын.

2. Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Октябрь айыл өкмөтүнүн шайланган  башчысына  белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 5-июну

№ 139