Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-4-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” 2011-жылдын 10-февралындагы №31 ПЖ Жарлыгынын негизинде, шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас областтарынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш чаралардын Календарлык планы (тиркелет) бекитилсин.
- Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.Сариев
Бишкек ш., 2010-жылдын 11-февралы
№4
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 11-февралындагы
№4 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын
КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ
Шайлоо күнү –……………
2011-жылдын 17-………
|
№ к/н |
Иш-чаранын мазмуну |
Аткаруу мөөнөтү |
Аткарууга жооптуу |
|
1 |
2 |
3 |
4 |
|
Шайлоо округдарын, шайлоо комиссияларын жана шайлоо участкаларын түзүү |
|||
|
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү |
Шайлоо дайындалганга чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбей, б.а. 2011-жылдын 1-январына чейин. |
Облустук шайлоо комиссиялары, жергиликтүү бийлик органдары (20-берененин 4-п.) |
|
|
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча ЖМКларга шайлоо округдарынын чектерин көрсөтүү менен шайлоо округдарынын схемасын жана шайлоо комиссияларынын даректерин жарыялоо |
Шайлоо округдары дайындалган күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде |
Облустук шайлоо комиссиялары (20-берененин 4-п.) |
|
|
ЖМКларга райондук, шаардык (округдук) шайлоо комиссияларынын курамына өкүлдөрдү көрсөтүү башталгандыгын жана анын жол-жобосун жарыялоо |
Шайлоо дайындалгандан кийин, 2011-жылдын 11-февралы
|
Облустук шайлоо комиссиялары
|
|
Райондук, шаардык (округдук) шайлоо комиссияларынын курамына өкүлдөрдү көрсөтүү |
Шайлоо дайындалгандан кийин, 2011-жылдын 18-февралынан кечиктирбей |
Саясий партиялар, шайлоочулардын чогулушу (11-берененин 5-п.) |
|
|
Райондук, шаардык (округдук) шайлоо комиссияларын түзүү |
Шайлоо дайындалгандан кийин 10 календарлык күндөн кечиктирбей, б.а. 2011-жылдын 20-февралынан кечиктирбей |
Облустук шайлоо комиссиялары (11-берененин 2-п.) |
|
|
6. |
Округдук шайлоо комиссияларына орун жайларды бөлүп берүү, уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү |
Комиссиялар түзүлгөндөн кийин |
Аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (37-берененин 1-п.) |
|
7. |
Округдук шайлоо комиссияларынын курамын жана дарегин жергиликтүү басма сөздөргө жарыялоо |
Комиссиялар түзүлгөндөн кийин 3 календарлык күндөн кечиктирбей, б.а. 2011-жылдын 23-февралынан кечиктирбей |
Облустук шайлоо комиссиялары (11-берененин 2-п.) |
|
8. |
Добуш берүү үчүн шайлоо участокторун түзүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 40 календарлык күндөн кечиктирбей, б.а. 2011-жылдын 8-мартына чейин |
Округдук шайлоо комиссиялары (21-берененин 2-п.) |
|
9. |
Басма сөзгө шайлоо участокторунун тизмесин алардын чектерин жана дарегин көрсөтүү менен жарыялоо |
Алар түзүлгөндөн тартып 5 календарлык күндөн кечиктирбей, б.а. 2011-жылдын 13-мартына чейин |
Округдук шайлоо комиссиялары (21-берененин 6-п.) |
|
10. |
ЖМК аркылуу участкалык шайлоо комиссияларынын курамына өкүлдөрдү көрсөтүү башталгандыгы жана анын жол-жоболору жөнүндө жарыялоо |
Шайлоо участкалары түзүлгөндөн кийин, 2011-жылдын 8-мартынан |
Округдук шайлоо комиссиялары |
|
11. |
Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына өкүлдөрдү көрсөтүү |
2011-жылдын 8-мартынан (шайлоо участкалары түзүлгөндөн тартып) тарта, 2011-жылдын 15-мартынан кечиктирбей |
Саясий партиялар, шайлоочулардын чогулушу (11-берененин 5-п.) |
|
12. |
Участкалык шайлоо комиссияларын түзүү |
Шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбей, б.а. 2011-жылдын 17-мартынан кечиктирбей |
Округдук шайлоо комиссиялары (11-берененин 3-п.) |
|
13. |
Участкалык шайлоо комиссияларына орун жайларды бөлүп берүү, уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү |
Участкалык шайлоо комиссиялары түзүлгөндөн кийин |
Аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (37-берененин 1-п.) |
|
14. |
Участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жана дарегин жарыялоо |
Комиссиялар түзүлгөндөн кийин 2 күндөн кечиктирбей, б.а. 2011-жылдын 19-мартынан кечиктирбей |
Округдук шайлоо комиссиялары (11-берененин 3-п.) |
|
15. |
БШКнын, облустук, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн каскад системасы боюнча семинарларды өткөрүү |
Комиссиянын түзүлүшүнө жараша (өзүнчө план жана график боюнча) |
Борбордук шайлоо комиссиясы, облустук, округдук шайлоо комиссиялары |
|
16. |
Шайлоо процессине катышкан саясий партиялар үчүн семинарларды өткөрүү |
Өзүнчө график жана план боюнча |
Борбордук шайлоо комиссиясы, облустук шайлоо комиссиялары |
|
Шайлоочулардын тизмеси менен иштөө |
|||
|
17. |
Шайлоочулардын тизмесин түзүү, катталган шайлоочулар жөнүндө маалымат түзүү жана аларды тактоо |
Шайлоо дайындалган күндөн тартып, 2011-жылдын 11-февралынан |
Жергиликтүү аткаруу бийлигинин органдары, системалык администраторлор (22-берененин 4-п.) |
|
18. |
ЖӨБнун башчысынын колу коюлган шайлоочулардын тизмесин (2 нускада) тийиштүү округдук жана участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 25 календарлык күндөн кечиктирбей, б.а. 2011-жылдын 22-мартынан кечиктирбей |
ЖӨБнүн башчылары, системалык администратор (22-берененин 10-п.) |
|
19. |
Жалпы маалымат алуу жана кошумча толуктоолор үчүн шайлоочулардын тизмесин тапшыруу |
Добуш берүү күнүнө чейин 25 календарлык күндөн кечиктирбей, б.а. 2011-жылдын 22-мартынан кечиктирбей |
Участкалык шайлоо комиссиялары (23-берененин 1-п.) |
|
20. |
Шайлоочулардын тизмесинин абалын тандап текшерүү |
Шайлоо комиссияларына тизмелер берилгенден кийин |
Борбордук шайлоо комиссиясы, облустук, округдук шайлоо комиссиялары |
|
Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо |
|||
|
21. |
Облустук шайлоо комиссияларына 2011-жылдын 10-февралына карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууга укугу бар саясий партиялардын тизмесин тапшыруу. |
Шайлоо дайындалган күндөн тартып 2011-жылдын 14-февралына чейин |
Юстиция министрлиги (25-берененин 2-п.) |
|
22. |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү |
Шайлоо дайындалган күндөн тартып, шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбей, б.а. 2011-жылдын 18-мартына чейин |
Саясий партиялар, өзүн өзү көрсөтүү (83- берененин 1-п.) |
|
23. |
Округдук шайлоо комиссияларына жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн шайлоо документтерин тапшыруу |
Шайлоо күнүнө чейин 25 календарлык күндөн кечиктирбей, б.а. 2011-жылдын 23-мартына чейин |
Талапкерлер, ыйгарым укуктуу өкүлдөр (84-берененин 1-п.) |
|
24. |
Талапкерлерди көрсөтүү тартибинин шайлоолор жөнүндөгү Кодекстин талаптарына ылайыктуулугун, ошондой эле талапкерлерди каттоо үчүн тапшырылган документтерди текшерүү |
Документтер кабыл алынгандан тартып 5 календарлык күндүн ичинде |
Округдук шайлоо комиссиялары (84-берененин 2-п.) |
|
25. |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо |
Каттоо үчүн документтер тапшырылгандан тартып 5 календарлык күндүн ичинде жүргүзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күн калганда аяктайт б.а. 2011-жылдын 28-мартына чейин |
Округдук шайлоо комиссиялары (84-берененин 2-, 3-п.) |
|
26. |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер болуп катталгандарга күбөлүктөрдү тапшыруу |
Талапкерлер каттоодон өткөндөн кийин 2 күндүн ичинде |
Округдук шайлоо комиссиялары (27-берененин 12-п.) |
|
27. |
Жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттоодон өткөрүү, аларга күбөлүктөрдү тапшыруу же аларды каттоодон жүйөлүү баш тартуу |
Талапкерлер катталгандан кийин, талапкердин арызы, ишенимдүү адам болууга жарандын макулдугу жөнүндө арызы болсо |
Округдук шайлоо комиссиялары (29-берененин 2-п.) |
|
28. |
Жергиликтүү басма сөзгө жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлер жөнүндөгү маалыматтарды жарыялоо |
Талапкерлер катталгандан 5-күндөн кечиктирбей |
Округдук шайлоо комиссиялары (27-берененин 10-п.) |
|
29. |
Жергиликтүү кеңешке депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкердин талапкерлигин алып салуу укугун жүзөгө ашыруу |
Шайлоо күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбей б.а. 2011-жылдын 14-апрелинен кечиктирбей |
Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер (27-берененин 8-п.) |
|
Шайлоо алдындагы үгүттөө иштери |
|||
|
30. |
Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү |
Талапкерлер катталгандан кийин 2011-жылдын 28-мартынан башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда, б.а. 2011-жылдын 16-апрелинде саат 8.00дө аяктайт |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, саясий партиялар жана Кыргыз Республикасынын жарандары (31-берененин 1-п.) |
|
31. |
Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуу графигин түзүү жана аны макулдашуу. Жолугушууларды уюштуруу. |
Баардык талапкерлер катталып бүткөндөн кийин |
Округдук шайлоо комиссиялары аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге (30-берененин 9-п.) |
|
32. |
Ар бир шайлоо участкаларынын аймактарында атайын басылган үгүттөө материалдарын илүү боюнча орундарды бөлүштүрүү жана аларды жайгаштыруу |
Шайлоо белгиленген күнүндөн кийин 10 к/күндүн ичинде б.а. 2008-жылдын 15-августунан чейин |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (35-берененин 3-п.) |
|
33. |
Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча телекөрсөтүүлөрдү жана радио берүүлөрдү өткөрүү |
Шайлоо дайындалган күндөн артып добуш берүү күнүнө чейин |
Борбордук шайлоо комиссиясы |
|
Шайлоону каржылоо |
|||
|
34. |
Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү, даярдыктарды көрүү чыгымдарын кароо жана аны бекитүү |
2011-жылдын 11-февралы |
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы |
|
35. |
Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана шайлоону өткөрүүнү каржылоо |
Шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 календарлык күндөн кечиктирбей |
КР Каржы министерлиги, КР Борбордук шайлоо комиссиясы (50-берененин 2-п.) |
|
36. |
Шайлоо фондун түзүү үчүн банкта талапкерлердин атайын эсебин ачуу (шайлоо фонддун ачпоого да укуктуу) |
Талапкерлер көрсөтүлө баштагандан жана алар документтерин каттоо үчүн тапшырганга чейин |
Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (51-берененин 1-п.) |
|
37. |
Талапкердин шайлоо фондунун түзүлүшүнө, түшүү булактарына жана каражаттардын максаттуу жумшалуусуна көзөмөлдүк кылуу |
Шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тарта |
Округдук шайлоо комиссиясы (52-берененин 1-п.) |
|
38. |
Округдук шайлоо комиссияларына шайлоо фонддорунун булактары жана шайлоо фондунун түзүү, ошондой эле чыгымы жөнүндө отчетторду тапшыруу |
Шайлоо күнүнөн кийин 10 календарлык күндөн кечиктирбей,б.а. 2011-жылдын 27-апрелинен кечиктирбей |
Жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлер (51-берененин 17-п.) |
|
Шайлоо бюллетендерин даярдо жана участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо бюллетендерин берүү тартиби |
|||
|
39 |
Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана тартибин бекитүү |
Шайлоо дайындалган күндөн кийин |
Борбордук шайлоо комиссиясы (10-берененин 12-п.) |
|
40 |
Шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү |
Добуш берүү күнүнө чейин 20 календаллык күндөн кечиктирбей б.а. 2011-жылдын 28-мартына чейин |
Округдук шайлоо комиссиялары (39-берененин 2-п.) |
|
41 |
Массалык маалымат каражаттары аркылуу шайлоо убактысын жана шайлоо орундарын маалымдоо |
Добуш берүү күнүнө чейин 10 күндүн ичинде б.а.. 2008-жылдын 25-сентябрына чейин |
Участкалык шайлоо комиссиялары (40-берененин1-п.) |
|
42 |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча тизмеден чыгуу күбөлүгүн даярдоо |
Добуш берүүгө 25 күн калганда б.а. 2008-жылдын 10-сентябрына чейин |
Борбордук шайлоо комиссиясы (38-берене) |
|
43 |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоо |
Добуш бергенге чейин 10 күндөн кечиктирбей, б.а. 2008-жылдын 25-сентябрынан кечиктирбей |
Округдук шайлоо комиссиялары (39-берененин 5-п.) |
|
44. |
Шайлоо кабаркаттарын даярдоо |
Добуш берүүгө 20 күн калгандан кеч эмес б.а 2008-жылдын 15-сентябрына чейин |
Округдук шайлоо комиссиялары |
|
45 |
Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу |
Добуш берүүгө 1-2 күн калганда |
Округдук шайлоо комиссиялары (39-берененин 9-п.) |
|
46 |
Участкалык шайлоо комиссияларын кабаркаттары менен камсыз кылуу |
Добуш берүүгө 15 күн калгангандан кеч эмес мезгилде б.а. 2008-жылдын 20-сентябрынан кечиктирбей |
Округдук шайлоо комиссиялары |
|
47 |
Кабаркаттарды шайлоочуларга таркатуу |
2008-жылдын 25-сентябрына чейин |
Участкалык шайлоо комиссиялары |
|
Шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо |
|||
|
48 |
Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоодо даярдыктарды көрүү үчүн баардык министрликтерде селектордук жыйындарды өткөрүү |
Өзалдынча план жана график боюнча |
КР Борбордук шайлоо комиссиясы |
|
49 |
Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү |
Добуш берүүгө 1-9 күн калганда |
Округдук шайлоо комиссиялары (41-берененин 1-п.) |
|
50 |
Добуш берүүнү өткөрүү |
5-октябрда саат 8.00дөн 20.00гө чейин |
Баардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары (80-берененин 1-п.) |
|
51 |
Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добушун саноо жана добуш берүү жыйынтыгы тууралуу протоколду түзүү |
Добуш берүү бүтөр замат башталат (жыйынтыгы чыкканча демалышсыз жүргүзүлөт) |
Участкалык комиссиялар байкоочулар, ишенимдүү өкүлдөрдүн жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусу менен (44-берененин 3-п.) |
|
52 |
Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү жыйынтыгы жөнүндө протоколунун биринчи нускасын шайлоо документтерине ылайык округдук комиссияга жөнөтүү
|
Протоколго кол коюлар замат |
Участкалык шайлоо комиссиялары (45-берененин 4-п.) |
|
53 |
Округ аймагындагы добуш берүү натыйжаларын аныктоо жана аны БШКга жөнөтүү |
Участкалык шайлоо комиссиясынын протоколун алар замат |
Округдук шайлоо комиссиялары (86-берененин 1-п.) |
|
54 |
Республика боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу |
Округдук комиссиясынын протоколун алар замат |
Борбордук шайлоо комиссиясы (86-берененин 1-п.) |
|
55 |
Шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо |
Шайлоо натыйжалары аныкталгандан 10 күн ичинде |
Округдук шайлоо комиссиялары (86-берененин 3-п.) |
|
56 |
Жергиликтүү кеңештерге шайланган депутаттарды каттоо жана аларга күбөлүк тапшыруу |
Шайлоонун натыйжаларын расмий аныкталгандан 3 күндүк мөөнөттө |
Округдук шайлоо комиссиялары (86-берененин 4-п.) |