№ 102 Чүй облусунун Панфилов жана Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Панфилов жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен чыгаруу жөнүндө М.А.Ырыскуловдун, С.Осмонбекованын жана Г.К.Ибраимованын арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-  комиссиянын курамынан «Эркин Эл» Кайра жаралуу партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Осмонбекова Салима, «Өнүгүү - Прогресс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ырыскулов Мирлан Абдулазизович чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жумагулов Азамат Курманбекович жана Сагымбаев Каныбек Асанбекович киргизилсин.

2. Талас облусунун Талас  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ибраимова Гульзат Кайтпековна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Калдымолдоев Улан Эмилбекович киргизилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары М.И. Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                      Т. АБДРАИМОВ


Бишкек ш., 2016-жылдын 24 - майы 

№ 102