Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.А.Эгембердиевден келип түшкөн документтерди карап чыгып “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2, 19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер О.А.Эгембердиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
- Алиев Насиб, 1948-жылы туулган, пенсионер;
- Сыдыкбеков Джапар Турдакунович, 1950-жылы туулган пенсионер;
-Омаров Гаджирамазан Рамазанович, 1949-жылы туулган, пенсинер;
- Кукеев Марлис Мавленович, 1964 –жылы туулган, жеке ишкер.
2. Ушул токтомдун 1 - пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.А.Эгембердиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011ж. 17-августу
№ 125