10.01.2020. №2 Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 26-декабрындагы №113 буйругу менен Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбаев Кубатали Мураталиевич “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 29-январына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.                                                                                            

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.                                                   

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.                                                                                                                  

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын   Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын 10-январы
№ 2