№335 Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Жайыл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2017-жылдын 3-августундагы № 235-р тескемесине ылайык, Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы Акматов Кемин Акжолтоевич, өзүнүн каалоосу боюнча, жеке арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 25-августуна дайындалсын жана саат 15:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлсүн. 
2. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 7-августу,  
№ 335