№ 188 Бишкек, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Тогуз-Торо, Баткен облусунун Кызыл-Кыя, аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү Р.Д.  Акынбековдун,   С.К. Нарматовдун, А.К.  Өмүралиеванын, Э.М. Рыспаеванын,  А.О. Төлөбаевдин, М.А. Джороевдин, К. Токуровдун, аймактык шайлоо комиссиялардын курамынан жана резервинен чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын,  «Эркин Эл» Кайра жаралуу партиясы» саясий партиясынын төрагасы М. Аскарбековдун комиссиянын мүчөсү Н.Б. Назарова ден-соолугунун абалы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу, аны аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө билдирүүсүнүн негизиндеги Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын  2016–жылдын 3-ноябрындагы № 13 чечимине ылайык,  аймактык шайлоо комиссиялардын курамына резервде турган   Р.В.  Аминов, А.Э.Муратов, Ч.К. Атыканова, И.Т. Бекташов, Э.Ж. Жусупова, Б.Ж. Мусурманкулов, Э.А. Сейдалиев киргизилгендигине байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Кыргызстан куруучулар партиясы»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн Акынбеков Рыспек Долосович  чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына «Ак Шумкар»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн Аминов Равиль Вильевич киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Ноокен  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Нарматов Султанбек Каримжанович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Муратов Аширали Эркинбекович киргизилсин.

3. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн  Өмүралиева Айгүл Кошбаевна, Рыспаева Эльнура Мелисовна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Атыканова Чынара Кадыкеевна, Бекташов Илимбай Тойгонбаевич киргизилсин.

4. Баткен облусунун Кызыл-Кыя  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жана резервинен  «Кыргызстан куруучулар партиясы»  саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Төлөбаев  Атамбек Орозбаевич, «Туран»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джороев Мавлян Ашимович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токуров Кошок, «Эркин Эл» Кайра жаралуу партиясы»  саясий партиясынан көрсөтүлгөн Назарова Нурхан Бектемировна  чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына «Республика - Ата Журт» саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Жусупова Эльмира Камиловна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мусурманкулов Байышбек Жусупович,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сейдалиев Элмурат Акрамалиевич киргизилсин.

5. Бул токтом  «Эркин Тоо»  газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын  6 - ноябры

№ 188