29.08.20 № 190 Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн С.Ю. Осмамбетованы, И.К. Айткуловду жана Э.Н. Шопоковту комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   21-1-беренесинин  1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-«Нур» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Осмамбетова Салипа Юсуповна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-«Бутун Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Айткулов Исланбек Касымбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-«Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шопоков Эрлан Ниязбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сагымбаев Каныбек Асанбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сыдыкова Анархан Жумакадыровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Анаркулов Кайрат Шейшенович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

   

          Төрага                               Н. Шайлдабекова                                      

 Бишкек ш., 2020-жылдын 29-августу

№ 190