№ 57 Чүй облусунун Аламүдүн , Нарын облусунун Ат-Башы, Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Говязин Олег Анатольевичтин, Кадыракунов Токторбай Орозбековичтин, Мурзалиев Ураимжан Сатыбалдыевичтин арыздарынын жана Бегалиев Канат Орозбаевичти чыгаруу жөнүндө Ноокат  аймактык шайлоо комиссиясынын 2016 - жылдын   9-мартындагы № 6/1чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Говязин Олег Анатольевич чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Республика – Ата Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Казыбаев Тыныбек Кыдырмаевич киргизилсин.

2. Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кадыракунов Токторбай Орозбекович чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акбаева Жыргалбүбү Асанакуновна киргизилсин.

3. Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Эркин Эл» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бегалиев Канат Орозбаевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мурзалиев Ураимжан Сатыбалдыевич  чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Атаканова Чынара Сеиткасымовна , жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Хасанов Нематжан киргизилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                А.ШАЙЫМКУЛОВА

                                                                     

Бишкек ш., 2016-жылдын 16 - марты

№ 57