№ 187 2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Бишкек, Ош, Баткен облусунун Баткен шаардык, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Баткен, Кадамжай жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын; Нарын облусунун Нарын шаардык, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Нарын; Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын; Талас облусунун Талас шаардык, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын; Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Токмок, Чүй жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын; Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 21-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 3-ноябрындагы №174 Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (1-тиркеме).

2.  2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) кошумча түзүлгөн участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (2-тиркеме).

3.  2016-жылдын 11-декабрына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде референдумдун 35  кошумча участкалары  уюштурулсун (3-тиркеме).

4.  Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы 2016-жылдын 14-ноябрындагы мөөнөткө чейин:

- Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) кошумча түзүлгөн участкаларынын референдумдун участкалык комиссияларынын курамдарын түзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде референдумдун участкалык комиссияларынын курамдарын түзсүн.

5.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                              Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 6-ноябры

№ 187