Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 141 буйругу менен Талас облусунун Талас районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Абдылдаев Н.К. өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Баткен облусундагы Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөт башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2014-жылдын 28-апрелинде аяктады.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талас облусунун Талас районунун Арал, Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 19-майына тиркемеге ылайык дайындалсын.
2.Талас, Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 30-апрели
№ 66
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 30-апрелиндеги № 66 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоороду өткөрүүнүн графиги
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы |
|
Талас облусу |
||
|
Талас району |
||
|
1. |
Арал |
19.05.2014-ж., саат 10-00 |
|
Баткен облусу |
||
|
Баткен району |
||
|
2. |
Төрт-Гүл |
19.05.2014-ж., саат 10-00 |