КР БШКнын 2017-жылдын 13-июлундагы №230-Токтомуна ылайык күчүн жоготту
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Тил боюнча комиссия жөнүндө” Жобо бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шаимкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов
Бишкек ш., 2011-жылдын 27-июлу
№ 57
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы
№57 токтому менен бекитилген
Тил боюнча комиссия жөнүндө
Ж О Б О
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 51-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Тил боюнча комиссияны түзөт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн белгилөө Тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен, мамлекеттик тил боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курамы 12 адамдан турган Тил боюнча комиссияны сунуш кылат, ал 10 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет.
Тил боюнча комиссиянын мүчөлөрү комиссия иштеген убакыт бою өздөрүнүн кызматтык милдеттеринен бошотулат, айлык акысы сакталат.
3. Тил боюнча комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык камсыздоону Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты жүзөгө ашырат.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсү талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып талапкерлерди каттоо аяктаган күнгө чейин белгиленет.
5. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн Тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде белгилейт.
Мамлекеттик тилди билүүсү мамлекеттик тилде окуй, жаза, өз оюн баяндай билүүсү менен аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүү үчүн талапкер:
1) өзүнүн шайлоо алдындагы программасын 3 беттен ашпаган көлөмдө жазуу жүзүндө баяндай билүүсү;
2) өзүнүн шайлоо алдындагы программасынын негизги жоболорун баяндоо менен 15 мүнөттөн ашык эмес оозеки сүйлөп берүүсү;
3) көлөмү 3 беттен ашпаган басма текстти окуп берүүсү керек.
Тил боюнча комиссиянын ар бир мүчөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндө төмөнкүдөй шкала боюнча ар бир пункт боюнча өзүнчө үн чыгарып корутунду берет:
1) билет;
2) билбейт.
6. Талапкерди мамлекеттик тилди билбейт деп таануу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
1) талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүүгө катышпаганы;
2) мамлекеттик тилде окуй, жаза жана өз оюн баяндай билбегени.
7. Тил боюнча комиссиянын жыйналыштары Борбордук шайлоо комиссиясынын имарат-жайында өтөт. Тил боюнча комиссиянын жыйналышын өткөрүү датасын жана убактысын Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер менен макулдашуу боюнча аныктайт.
8. Тил боюнча комиссиянын жыйналыштарында кезек менен комиссиянын мүчөлөрү төрагалык кылышат. Төрагалык кылуучу Тил боюнча комиссиянын жыйналышында чүчүкулак менен шайланат.
9. Тил боюнча комиссиянын жыйналышы эгерде, анда Тил боюнча комиссиянын 9 мүчөсүнөн кем эмес катышса укук ченемдүү болуп эсептелет.
10. Тил боюнча комиссиянын чечими катышып жаткан анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Тил боюнча комиссиянын жыйналышында катышып отурган мүчөлөрүнүн эч кимиси добуш берүүдө калыс болууга укугу жок. Тил боюнча комиссиянын чечимдерин кабыл алууда “макул” же “каршы” добуштар бирдей болуп калган учурда, Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Чечим мамлекеттик тилде чыгарылат жана Тил боюнча комиссиянын жыйналышка катышкан бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
11. Тил боюнча комиссиянын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин тилди билишин текшерүү жыйналышына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү катышат.
12. Талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерүү талапкерлер үчүн бирдей шарттарды сактоо менен жүргүзүлөт.
13. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телевидениеси талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүлөрүн аныктоо жолжобосун түз ободон чагылдырууга милдеттүү.