Башкы БШКнын ЧУА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … 03.05.2021 №192 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын …

03.05.2021 №192 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин  депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 2 сентября 2010 года, № 192 Об уполномоченном представителе политической партии «Республика» от 4 сентября 2010 года, №193

Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин  депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы №21 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп ѳттү.

Токмок шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31 мандатты түзѳт. Токмок шаардык кеңешине шайлоо ѳткѳрүү үчүн 1 бирдиктүү шайлоо округу жана 20 шайлоо участкалары түзүлгѳн. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн 5 саясий партия катталган, 4 саясий партия: Эмгек» - 47,62% (16 мандат); «Бирге» - 18,49% (6 мандат); «Эл Биримдиги» - 14,13% (5 мандат); «Республика» - 11,92% (4 мандат) шайлоочулардын 7 жана андан кѳп пайыз добуштарын алышкан.

2021-жылдын 11-апрелинде Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлгѳн.

Шайлоочулардын саны бардыгы болуп 38 577 түзгѳн, алардын ичиненен добуш берүүгѳ 16 070 шайлоочу катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 41,66% түзѳт.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 51, 56-1-беренелерине ылайык 20 участкалык шайлоо комиссияларында добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорунун негизинде Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 1-майындагы протоколу менен шайлоолорду болуп ѳттү деп тааныган жана Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын белгилеген.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2021-жылдын 19-апрелинде Токмок шаарында жарандарды жапырт каттоо тууралуу «Бирге-Вместе» жана «Эл Биримдиги» саясий партияларынын ѳкүлдѳрүнѳн арыз келип түшкѳн. Өзүнүн арызында арыз ээлери «Эмгек» саясий партиясынын ѳкүлдѳрү тарабынан жарандарды жапырт каттоо жүргүзүлгѳн факты боюнча Токмок шаарындагы 26 даректи кѳрсѳтүшкѳн.

Бул, арыз ээлеринин пикири боюнча, 2021-жылдын 11-апрелинде ѳткѳрүлгѳн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларына ѳзүнүн таасирин тийгизген.

2021-жылдын 23-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясына Токмок шаары боюнча «Эмгек» саясий партиясынын штабынын башчысынан арыз келип түшкѳн, ал арызда Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан башка саясий партиялар тарабынан да Токмок шаарындагы 142 дарек боюнча жапырт каттоо менен манипуляция жасалышы мүмкүн экендиги кѳрсѳтүлгѳн.

Арыздар Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүүдѳ шайлоо процессинин субъекттеринин даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча Жумушчу топ тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобунун алкагында укук коргоо органдары менен бирдикте каралды.

Келип түшкѳн арыздарды ар тараптуу жана объективдүү кароо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы жыйынына тѳмѳндѳгүлѳр чакырылды жана катышты:

- «Бирге-Вместе» саясий партиясынан - К.Чокеев, А.Маликов,

- «Эл биримдиги» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу ѳкүлү - Ч.Алмазбеков,

- «Эмгек» саясий партиясынан - Д.Ж. Амангельдиев,

- укук коргоо органдарынан: КР ИИМ тергѳѳ кызматынын башчысынын орун басары – Н.Эшимкан уулу, КР ИИМ алгачкы текшерүү башкармалыгынын башчысы – С.А. Аманкулов.

Келип түшкѳн арыздарды, укук коргоо органдары сунуш кылган маалыматтарды, БШК тарабынан шайлоочулардын тизмесин талдоону карап чыгып жана талкуулап, арыз ээлеринин жүйѳлѳрүн, ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтарын, Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын түшүндүрмѳлѳрүн угуп, Борбордук шайлоо комиссиясы тѳмѳндѳгүлѳрдү аныктады.

1) Борбордук шайлоо комиссиясы жүргүзгѳн шайлоочулардын тизмесин талдоо тѳмѳндѳгүлѳрдү кѳрсѳттү:

1. Арыздарда кѳрсѳтүлгѳн даректердин кѳпчүлүгүндѳ – 2020-жылы жарандарды жапырт каттоо фактысы болгон, бирок андан ары шайлоочулардын тизмесине киргизилген эмес.

Маанилүү: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Мыйзамдын нормаларына ылайык шайлоочулардын тизмесине паспорттогу белгиси тастыктаган жергиликтүү жамааттын мүчѳлѳрү гана киргизилет. Демек, катталган жарандар катталган боюнча калышкан, бирок паспортторун алмаштырышкан эмес жана шайлоочулардын тизмесине киргизилген эмес. Жапырт каттоо фактысы боюнча 2020-жылы мамлекеттик органдар тарабынан чоң иштер жасалган, ошонун натыйжасында шайлоочулардын тизмесине жапырт негизсиз киргизүүлѳр токтотулган.

2. кѳрсѳтүлгѳн даректердин айрымдарында – дарек-маалымат базасына катоо фактысы жана шайлоочулардын тизмесине киргизүү фактысы болгон, бирок ошол адамдар шайлоодо добуш беришкен эмес,

3. арыздарда кѳрсѳтүлгѳн Токмок шаарындагы 30дан ашык даректер боюнча Дарек-маалымат базасына катоо фактысы жана шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана жарандардын 2021-жылдын 11-апрелинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүү фактысы болгон.

Шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана добуш берүүгѳ катышуу менен коштолгон жарандарды жапырт каттоо боюнча билдирилген даректер №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 жети шайлоо участкаларына таандык.

Жалпысынан 2021-жылдын 11-аперелинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмесиндеги жогоруда кѳрсѳтүлгѳн 30дан ашуун даректер боюнча 7 шайлоо участкаларына (№7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081) 624 жаран киргизилгендиги, ал эми добуш берүүгѳ (идентификациялангандар) 414 жаран катышкандыгы аныкталды.

2) «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 4-бѳлүгүнүн тѳртүнчү абзацына ылайык, шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын бардык деңгээлдеринде ыкчам чара көрүүчү координациялык (ЫЧККТ) топтор түзүлөт, анын курамына комиссиялардын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.

ЫЧККТ алкагында шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын ортосунда туруктуу ыкчам ѳз ара аркеттенүү, бузууларды ѳз ара талдоо, органдардын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган чараларды талдоо жүргүзүлѳт.

Келип түшкѳн арыздар ѳзүнүн компетенциясынын алкагында кароо үчүн укук коргоо органдарына жѳнѳтүлгѳн.

Укук коргоо органдарынан келип түшкѳн маалыматтар, анын ичинде БШКнын жыйынында билдирилген маалыматтар боюнча, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки ѳндүрүш материалы 2021-жылдын 26-апрелинде Токмок шаарынын ИИБнин БКЖР катталган жана сотко чейинки текшерүү башталган.

Жогоруда аталган сотко чейинки ѳндүрүштү иликтѳѳдѳ ички иштер органдары тарабынан МКК маалыматтары боюнча Токмок шаарынын аймагында 2106 жаран мыйзамсыз (андан ары шайлоочулардын тизмесине киргизүү, ошондой эле киргизбѳѳ менен) катталган, алардын кѳпчүлүгү Токмок шаарына жакын жайгашкан айылдардын жана башка облустардын тургундары.

Ички иштер органдарынын сотко чейинки ѳндүрүш материалдарына ылайык - сотко чейинки ѳндүрүштүн алкагында каттоо жѳнүндѳ маалыматтарды, кыймылсыз мүлк ээлерин сурамжылоо жана аларда катталган адамдарды иликтѳѳ мүлк ээлеринин уруксаты жок жарандарды мыйзамсыз каттоо, шайлоого катыштыруу максатында жарандарды бир дарекке каттоо жана партияларды колдоо орун алгандыгын кѳрсѳттү, айрым иликтенген жапырт каттоо даректери депутаттыкка талапкерлерге же алардын жакын туугандарына таандык болуп чыккан. Ошондой эле каттоо үчүн жарандарга акча тѳлѳнгѳндүгү тууралуу кѳрсѳтмѳлѳр бар, ошондой эле бир ишкананын мүчѳлѳрүн каттоо учурлары бар. Текшерүү улантылып жатат.

 

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык «Аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо участкасында төмөндөгүлөр боюнча жараксыз деп табат:

1) эгерде добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу убагында шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербесе;

2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө убагында эреже бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир этсе;

3) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча».

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ ылайык:

«Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду түзүүнүн тартибин бузуу менен байланышкан, ар бир талапкер, талапкерлердин тизмеси алган добуштардын санын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген жоболорду бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк бербеген эреже бузуулар деп түшүнүлөт.

Шайлоо участкасында добуш берүүнүн, добуштарды эсептөөнүн же добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жүрүшүндө шайлоочулар өз эрк-ниетин билдиришине таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандар шайлоо укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан жоболорду бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетине таасир эткен эреже бузуулар деп түшүнүлөт».

№7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 шайлоо участкаларында жарандарды жапырт каттоо, аларды шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана андан ары мыйзамдарды бузуу менен коштолгон добуш берүү (мүлк ээлеринин уруксаты жок, жергиликтүү жамааттын мүчѳлѳрү эмес, административдик ресурстарды колдонуу) аркылуу жарандары жапырт каттоо сыяктуу бузуулардын орун алгандыгын, алардын добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир тийгизгендигин эске алуу менен, Борбордук шайлоо комиссиясы аталган шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таануунун зарылдыгы жѳнүндѳ тыянакка келет.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык:

«Эгерде шайлоо участкаларынын добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган бөлүгүндө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тааныйт».

Токмок шаардык кеңешине депутаттарды шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы саны бардык 20 шайлоо участкаларында 16 070 шайлоочуну түзѳт.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таанууга жаткан 7 шайлоо участкаларында (№7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081) добуш беришкен шайлоочулардын саны 5427 шайлоочуну түзѳт. Бул Токмок шаары боюнча бардык шайлоо участкаларында катышкан шайлоочулардын санынын үчтѳн бир бѳлүгүнѳн (33,77%) ашыгын түзѳт.

Мына ушул шарттар «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 7-бѳлүгүнѳ ылайык Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таануу үчүн негиз болуп саналат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык «Эгерде шайлоо болбой калса, жараксыз деп табылса, добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкер (талапкерлердин тизмеси) шайланбай калса кайталап шайлоо дайындалат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан шайлоолор болбой калган, жараксыз деп табылган күндөн тартып бир айдын ичинде дайындалат жана тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт…».

Ушул эле берененин 2-бѳлүгүндѳ шайлануучу кызматтарга талапкерлер тарабынан кайталап шайлоо өткөрүү учурунда шайлоону жараксыз деп табуу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес экендиги белгиленген.

Укук коргоо органдарынын иштеринин жыйынтыгы боюнча, жогоруда кѳрсѳтүлгѳн бузуулар боюнча талапкерлердин күнѳѳсү же катыштыгы бар экендиги аныкталган учурда талапкерлердин кайра шайлоого катышуусуна жол бербѳѳ боюнча чаралар кабыл алынууга тийиш.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38, 39, 41, 42-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18, 20 беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №7068, 7069, 7070, 7071, 7072, 7075, 7081 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таанысын жана Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколду жокко чыгарсын.

2. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 11-апрелинде болуп ѳткѳн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таанысын жана 2021-жылдын 11-апрелинде болуп ѳткѳн Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 1-майындагы протоколун жокко чыгарсын.

3. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылынсын.

4. Укук коргоо органдарынын иштеринин жыйынытыгы боюнча аракеттери шайлоону анык эмес деп таанууга негиз болгон талапкерлердин кайталап шайлоого катышуусуна жол берилбесин.

5. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилиги каралсын.

6. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                            Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 3-май 2021-жыл,

№ 192