№ 39 Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 2-февралындагы № 29 токтому менен 2017-жылдын 10-февралына дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарынын мэрин кайра шайлоодо, катталган талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо болбой калган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарынын мэрин кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2017-жылдын 27-февралына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Кемин аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 13-февралы 

№ 39