26.04.2021 №134 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Панфилов районунун Орто, Курама, Вознесеновка, Күрпүлдөк, Чалдыбар жана Фрунзе айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Чүй облусунун Панфилов районунун Орто, Курама, Вознесеновка, Күрпүлдөк, Чалдыбар жана Фрунзе айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Панфилов районунун Орто, Курама, Вознесеновка, Күрпүлдөк, Чалдыбар жана Фрунзе айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Чүй облусунун Панфилов районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына 2 арыз келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги
- Орто айылдык кеңешинин
- Курама айылдык кеңешинин
- Вознесеновка айылдык кеңешинин
- Күрпүлдөк айылдык кеңешинин
- Чалдыбар айылдык кеңешинин
- Фрунзе айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 26-апрели
№ 134