24.09.20 № 232 Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы № 3162 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы3162 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын Каракол шаарындагы3162 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын  13-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы3162 шайлоо участкасынын дареги Пионерская көчөсү, 29 дарегиндеги № 7 балдар бакчасынын имаратынан Харьковская көчөсүндөгү, № 8 балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.

2. Каракол аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

        ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 24-сентябры

№ 232