Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдорунун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын таануу жөнүндө чечим кабыл алган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги
1-бөлүктүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 155, № 157 токтомдорунун айрым талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп табуу жагынан Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш, Ивановка жана Кең-Булуң айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын
(№1 тиркеме).
2. Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп табуу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын төмөнкүдөй чечимдери бекитилсин:
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 10-июнундагы №5, №6, №7, № 8;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 25-июнундагы №16.
3. Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп табылсын
(№2 тиркеме).
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 28-июну
№ 111
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 111 токтомунун №1 тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда таштаган жергиликтүү кеңештердин депутаттары
|
№ |
Айылдык кеңештердин аталыштары |
Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда таштаган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. |
Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
|
Чүй облусу |
|||
|
Ысык-Ата району |
|||
|
Сын-Таш |
Атакуев Жагафар |
№ 157, 15.12.2012 |
|
|
Ивановка |
Алиев Медербек Искенович |
№ 157, 15.12.2012 |
|
|
Кең-Булуң |
Аралбаев Джолдошбек Рысбекович |
№ 157, 15.12.2012 |
|
|
Лоба Шерба Думарович |
№ 157, 15.12.2012 |
||
|
Ош облусу |
|||
|
Кара-Кулжа району |
|||
|
Кара-Кулжа |
Акматалиев Шамурат Жалилович |
№ 155, 15.12.2012 |
|
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы №111 токтомунун №2 тиркемеси
Тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган кийинки шайланган депутаттар
|
№ |
Айылдык кеңештердин аталыштары |
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. |
|
Чүй облусу |
||
|
Ысык-Ата району |
||
|
Сын-Таш |
Омуралиев Исланбек Байышевич |
|
|
Ивановка |
Адылов Закир Муратович |
|
|
Кең-Булуң |
Абдыраев Отунчу Сагынбаевич |
|
|
Айсаев Ярмамет Усманджарович |
||
|
Ош облусу |
||
|
Кара-Кулжа району |
||
|
Кара-Кулжа |
Рустамбеков Сайдали Рустамбекович |
|