№ 139 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы жана Чаткал, Чүй облусунун Панфилов, Ысык-Ата, Талас облусунун Бакай-Ата, Нарын облусунун Нарын шаардык, Ош облусунун Чоң-Алай жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резе

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А.М.Тукаевдин, Н.Т.Шакиевдин, О.Ч.Ажыкуловдун, М.Б.Карбосовдун, А.Б.Именалиеванын, И.Жакшымбетовдун, А.Б.Камчыбековдун, Д.А.Аруновдун, М.Макешованын, Н.А.Чокенованын, Ш.К.Эргешовдун жана Б.С.Карасаеванын аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө жеке арыздарынын жана аймактык шайлоо комиссиялардын курамына резервде турган М.Э.Карабаеваны, Р.Т.Маматкаримованы, К.Ч.Сейталиеваны, Т.А.Самарбековду, Н.А.Шергалиеваны, А.С.Торрокулованы, Д.Т.Алымбековду, Г.Бекматованы, Ф.Ж.Муканбетованы, Н.Ш.Абдыбаеваны, Н.С.Ажиевди, Г.А.Мукамбетованы киргизүү боюнча атайын өкүлдөрдүн сунуштарынын негизинде,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тукаев Абдукарим Максумбекович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Карабаева Мухлиса Эркинжановна киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Аксы  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн

Шакиев Нурлан Тагайбекович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Маматкаримова Рахат Тотубековна киргизилсин.

3. Жалал-Абад облусунун Чаткал  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы»

саясий партиясынан көрсөтүлгөн Иманалиева Акылай Бейшеналиевна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сейталиева Кундуз Чотоновна киргизилсин.

4. Чүй  облусунун Панфилов  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ажыкулов Озгоруш Чолпонкулович, «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Карбосов Марат Бектурович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Самарбеков Талант Аскарбекович, Шергалиева Наристе Асылбековна киргизилсин.

5. Чүй  облусунун Ысык-Ата  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Камчыбеков Азат Бирликбекович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Торрокулова Асель Суйунбековна киргизилсин.

6. Талас облусунун Бакай-Ата  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын резервинен  «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Камчыбеков Эркинбек Нарынбекович чыгарылсын;

- комиссиянын курамынан «Эркин Эл» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жакшымбетов Ильяс Тороконович чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына «Туран» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Алымбеков Дуйшөнбек Токтогулович киргизилсин.

7. Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Республика-Ата-Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Арунов Дайырбек Абдразакович, «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Макешова Махабат Шаршеналиевна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн

Чокенова Наргиза Алмасбековна чыгарылсын;

-  резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бекматова Гульмира, Муканбетова Фарида Жаныбековна жана  Абдыбаева Нургуль Шаршековна киргизилсин.

8.   Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-  комиссиянын курамынан «Бир Бол» Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эргешов Шумкарбек Камчыбекович чыгарылсын;

-   резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ажиев Ниязбек Сейдакматович  киргизилсин.

9. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Карасаева Бурулкан Сапарбековна чыгарылсын;

-   резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мукамбетова Гульбайра Асанакуновна киргизилсин.

10. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  төраганын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн. 

 

       ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 

Бишкек ш., 2016-жылдын 6 - сентябры

№ 139