№ 278 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч. И. Джакупованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

“Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Джакупова Чолпон Идиновнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жеке арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчил саясий партиясынын катталган талапкерлеринин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Джакупова Чолпон Идиновнанын ыйгарым укуктары 2017-жылдын 1-январынан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Джакупова Чолпон Идиновнанын депутаттык күбөлүгү 2017-жылдын 1-январынан тартып жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 30-декабры

278