№136 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Нарын облусунун Нарын шаардык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык, Чүй облусунун Сокулук жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиянын мүчөлөрү А.А.Алчыматованын, Ж.А.Эргешовдун, Т.К.Райбекованын, Б.Т.Жолочиевдин, М.С.Бугубаеванын, А.О.Толобаевдун, А.Ш.Турдубаевдун, Б.С.Айдарованын, В.О.Алыбаеванын, Ш.М.Лосынын аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө  жеке арыздарынын негизинде, Москва аймактык шайлоо комиссиясынын  курамынан аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү М.Ю.Третьяковду жана К.О.Шабдалиеваны чыгаруу жөнүндө 2016-жылдын 27- июлундагы кайрылуусунун жана Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ч.Ж.Жыргаловду чыгаруу жөнүндө 2016-жылдын 8-августундагы кайрылуусунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө» жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алчыматова Акылай Арзыматовна жана Эргешов Женишбек Апсаматович; «Республика-Ата-Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Райбекова Топчугүл Кылычбековна чыгарылсын;

- резервден комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рахманжанова Махлиёхон Таиржановна, Ибраймалиева Нурила Осмонкуловна жана Эргешова Шааркан Акимбековна киргизилсин.

2.  Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы»

саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жолочиев Бакытбек Турусбекович, «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бугубаева Майрамкүл Султанбековна чыгарылсын;

-  комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Чокенова Наргиза Алмасбековна, Бейшек кызы Адила;  «Республика-Ата-Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Арунов Дайырбек Абдразакович киргизилсин.

3. Чүй  облусунун Сокулук  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Турдубаев Абдусамат Шукурович чыгарылсын;

- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Айдарова Багдагүл Сатаровна жана Алыбаева Венера Осмонбековна комиссиянын резервинен чыгарылсын;

-  комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Белеков Алманбет Эсенкулович киргизилсин.

4. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жыргалов Чоробек Жыргалович чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Республика-Ата-Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Молдокулова Гульбара Токтомамбетовна киргизилсин.

5. Чүй  облусунун Москва  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан «Кыргызстан үй куруучулардын партиясы»   саясий партиясынан көрсөтүлгөн Лосы Шарип Мухамедович; «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Третьяков Максим Юрьевич; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шабдалиева Каныкей Осмоновна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден «Акшумкар» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жорокулов Эльдияр Болотбекович; «Ата Мекен» социалисттик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Алымкулов  Азамат Алтынбекович жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джаилов Аскарбек Сатаевич киргизилсин.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  төраганын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн. 

 

       ТӨРАГА                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 

Бишкек ш., 2016-жылдын 11-августу

№ 136