07.01.2021 №15 Ош шаарынын аймагындагы № 5551 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын № 5551 шайлоо участкасынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу дарегин өзгөртүү жөнүндө 2021-жылдын 6-январындагы № 11/1 чечимдин негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын аймагындагы № 5551 шайлоо участкасынын дареги Ишматов көчөсү, 46 дарегиндеги «Нихол» дүкөнүнүн имаратынан Р. Жунусов көчөсү, 42 дарегиндеги мурдагы жеке тиш дарылоо клиникасынын имаратына өзгөртүлсүн.
2. Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаардык мэриясы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 7-январы
№ 15