№366 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкер А.К. Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп Абдираимова Гүлжахан Маматовна жана Калыкова Айсулуу Шайлообековна катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Канбутаева Бузайнаб Маматкуловна катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 23-августу 
№366