№ 69 2016-жылдын 27-мартындагы Нарын облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы № 16 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Жерге-Тал, Терек, Коңорчок жана Жумгал районунун Куйручук, Кызыл-Жылдыз, Түгөл-Сай, Чаек, Таш-Дөбө айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн.

Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу, Коңорчок айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 1 шайлоо округу жана 1  шайлоо участогу, Терек айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 1 шайлоо округу жана 1  шайлоо участогу, Баетов айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 5 шайлоо округу жана 5 шайлоо участогу түзүлгөн.

Жумгал районунун Куйручук айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 1 шайлоо округу жана 1 шайлоо участогу, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 1 шайлоо округу жана 1 шайлоо участогу, Түгөл-Сай айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу, Чаек  айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 5 шайлоо округу жана  6 шайлоо участогу, Таш-Дөбө  айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 1 шайлоо округу жана 1 шайлоо участогу түзүлгөн.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Жерге-Тал, Коңорчок айылдык кеңештеринин жана Жумгал районунун Куйручук, Кызыл-Жылдыз, Түгөл-Сай, Чаек, Таш-Дөбө айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, добуш берүүнүн жыйынтыгына даттануулар (арыздар) түшкөн эмес.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Жерге-Тал, Коңорчок, Терек айылдык кеңештеринин жана Жумгал районунун Куйручук, Кызыл-Жылдыз, Түгөл-Сай, Чаек, Таш-Дөбө айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7- беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                      ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Жерге-Тал, Коңорчок, Терек айылдык кеңештеринин жана Жумгал районунун Куйручук, Кызыл-Жылдыз, Түгөл- Сай, Чаек, Таш-Дөбө айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

2. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Жерге-Тал, Коңорчок, Терек айылдык кеңештеринин жана Жумгал районунун Куйручук, Кызыл-Жылдыз, Түгөл- Сай, Чаек, Таш-Дөбө айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

3. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Жерге-Тал, Коңорчок, Терек айылдык кеңештеринин жана Жумгал районунун Куйручук, Кызыл-Жылдыз, Түгөл- Сай, Чаек, Таш-Дөбө айылдык кеңештеринин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын (тиркелет).

4. Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссиялар  шайланган депутаттарды каттасын жана  шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                           Т. АБДРАИМОВ 

 

            Бишкек ш., 2016-жылдын 11-апрели 

№ 69