№198 2017-жылдын 30-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Талас районунун Жергетал жана Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 13-июнундагы № 145 токтому менен 2017-жылдын 30-июнуна дайындалган Талас облусунун Талас районунун Жергетал жана Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Талас, Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Талас облусунун Талас районунун Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
    1.       Талас аймактык шайлоо комиссиясынын Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
    2.       Талас облусунун Талас районунун Жергетал айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Сакеев Тилек Беренбекович табылсын.
  2. Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
    1. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Камышановка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
    2. Чүй облусунун Сокулук районунун Камышановка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Зикиров Махмаямин Камчыбекович табылсын.

3. Талас, Сокулук аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдардын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 4 -июлу

№ 198