13.11.2020 №317 «КР ЖКнын депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобону туралуу»
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобону туралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 118 токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-28-беренелерине ылайык, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобону бекитүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 118 токтомуна тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
1) токтомдун аталышы тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобо тууралуу»;
- токтомдун 1-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын» деген сөздөрдөн мурда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана» деген сөздөр менен толукталсын.
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобого:
- аталышы тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобо»;
- 1-пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» ушул Жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн, ошондой эле шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет басылмалардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусунун тартибин жана шарттарын регламенттейт.»;
- бүткүл текст боюнча «саясий партиялар», «талапкерлердин тизмеси» деген сѳздѳрдѳн мурда ар кандай сандагы, жѳндѳмѳдѳгү «талапкер» деген сѳз менен толукталсын;
- 4-пунктта «тигил же бул талапкерлердин тизмелери үчүн же болбосо аларга каршы» деген сөздөр «тигил же бул талапкерлерге (талапкерлердин тизмеси) же болбосо аларга каршы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пункттун 1) пунктчасындагы «тигил же булл талапкерлердин тизмеси» деген сөздөрдү «тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын, саясий партиянын гимнин аткаруу концерт коюу болуп саналбайт.»;
- 11-пункттун онунчу абзацындагы «18 жашка чыга элек адамдар» деген сѳздѳрдѳн кийин «(шайлоо өнөктүгүндө эмблемалар, логотиптер, ураандар, слогандар же талапкердин сүрөтү менен талапкердин, саясий партиянын сүрөттөрүн кошо алганда, анын ичинде таратылган үгүт материалдарындагы мындай адамдардын билдирүүлөрүн колдонуу);» деген сѳздѳр менен толукталсын;
- 16-пункттун 2) пунктчасында «тигил же бул саясий партия шайланган учурда» деген сөздөр «тигил же бул талапкер, саясий партия шайланган учурда» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 16-пункттун 4) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга.»;
- мамлекеттик тилде 24-пункт экинчи абзац менен төмөнкүдөй редакцияда толукталсын:
«Борбордук шайлоо комиссиясынан суроо-талап келип түшкөн учурда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциясы суроо-талап берилген күндөн тартып үч күндүн ичинде ага жазуу жүзүндө маалымат берүүгө, ал эми зарыл болгон учурда суралган материалдардын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.»;
- 26-пунктта «Жогорку Кеңештин депутаттарын» деген сѳздѳрдѳн мурда «Президентти жана» деген сѳздѳр менен толукталсын;
- 32-пункттун экинчи абзацы тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюмдары тарабынан бөлүнгөн акысыз эфирдик убакыттын жалпы көлөмү жумушчу күнүндө бир сааттан аз болбоого тийиш. Көрсөтүлгөн акысыз эфирдик убакыт талапкерлеринин тизмесин көрсөткөн, катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак тартуу аркылуу тең негизде бөлүштүрүлөт.»;
- 33-пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«33. Эгерде телерадиокомпаниялардын орун-жайлары бардык талапкерлерди, саясий партиялардын өкүлдөрүн бир учурда батыра албаса, айтышуулар бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бир учурда же талапкерлердин, саясий партиялардын топтору менен өзүнчө өткөрүлүшү мүмкүн. Айтышуулардын катышуучу топторунун курамы чүчүкулак тартуу аркылуу аныкталат.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына берилген телерадио уюмдарынын каналдарында жүргүзүлүүчү дебаттарда жана башка ушуга окшогон иш-чараларга катталган талапкерлер, анын ичинде саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлер жеке өздөрү гана катыша алышат.
Катталган талапкердин же саясий партиянын өкүлдөрүнүн жана колдоочу топторунун мындай иш-чараларга катышуусуна жол берилбейт.
Биргелешкен үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартканда же келбей калганда акысыз эфир убактысы башка убакта берилбейт.»;
- 34-пункт тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«34. Бардык талапкерлерге, саясий партияларга айтышууларды өткөрүүнүн жүрүшүндө чыгып сүйлөө үчүн бирдей убакыт берилет. Оппоненттерге суроо берүү үчүн жумшалган убакыт да жалпы эсепте эске алынат.
Берилген убакытты пайдаланууну программаны көрүүдө байкаса болот (ар бир телерадио уюмдар таймер коюп, талапкердин убактысын көрсөтүп турат). Убакытты эсепке алуу үчүн жоопкерчилик тийиштүү телерадио компанияларга жүктөлөт.
Эгерде талапкер тийиштүү раундга бөлүнгөн убакыттын лимитинен ашып кетсе, убакыттын ошол саны талапкер үчүн бөлүнгөн убакыттын жалпы санынан алынып салынат.
Айтышуулар, эреже катары, төмөндөгү компоненттерден турат:
1) талапкердин, саясий партиянын программасын көрсөтүү;
2) суроолорго жооп берүү;
(Айтышууларда берилүүчү талапкерлер үчүн суроолорду Борбордук шайлоо комиссиясы мөөр басылып чапталган конверттерде жөнөтөт, алар кошумча түрдө сейф-пакетте жайгаштырылат жана түз эфирде айтышуулардын жүрүшүндө ачылат. Талапкерлер конверттерди суроолору менен тандабай туруп алышат.
Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир катышуучуга суроолордун санын бирдей таркатууну эске алуу менен суроолорду бирдей санда даярдайт);
3) спикерлердин бири бирине суроолор (суроолордун саны айтышууга катышып жаткандардын (талапкерлердин, саясий партиялардын тизмесинен талапкерлердин) санына жараша аныкталат);
4) шайлоочуларга кайрылуу (калган убакыт аны тең бөлүштүрүү менен берилет).»;
- 52-пункттун тѳртүнчү абзацы тѳмѳнкүдѳй редакцияда баяндалсын:
«Эгерде көрсөтүлгөн жай көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүү үчүн талапкерлердин, саясий партиялардын бирине берилген учурда, ошол эле жайды башка талапкерге, саясий партияга берүүдөн баш тартууга жол берилбейт.»;
- 61-пункттун бешинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын» деген сѳздѳрдѳн мурда «Кыргыз Республикасынын Президентин жана» деген сѳздѳр менен толукталсын;
- 74-пункттун биринчи абзацындагы «талапкерлердин тизмесинен киргизилген» деген сѳздѳр алып салынсын;
- 77-пункттун биринчи абзацындагы «тийиштүү шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине» деген сөздөрдөн кийин «жана шайлоо мыйзамдарына» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Күчүн жоготту деп таанылсын:
- «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону ѳткѳрүүдѳ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жѳнүндѳ Жобону бекитүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 153 токтому.
3. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктѳлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 13-ноябры
№ 317