Талапкерлерди көрсөтүү

Талапкерлерди  көрсөтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ

2010-жылдын 27-июнундагы

61-берене.

1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга шайланат.

2. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт.

62-берене.

1. Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. 30 миңден кем эмес шайлоочунун колтамгасын топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.

Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

70-берене.

1. Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат.

2. Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутаттан турат.

Шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партияга парламентте 65тен көп эмес депутаттык мандат берилиши мүмкүн.

Шайлоо күнүнө карата 21 жашка чыккан, шайлоого укугу бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун кошуп алганда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

3. Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригишет.

Жогорку Кеңеште фракциялардын коалициясын түзгөндүгү жөнүндө расмий жарыялаган, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция, же фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүк болуп саналат.

Парламенттик көпчүлүктүн курамына кирбеген жана ага карата өзүн оппозиция катары жарыялаган фракция, же фракциялар парламенттик оппозиция болуп саналат.

Парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясынан чыгуу жөнүндө чечим фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен фракция тарабынан кабыл алынат. Фракциянын чечими анын токтому менен таризделет жана фракциянын чыгуу үчүн добуш берген ар бир мүчөсү ага кол коёт.

(КР 2016-жылдын 28-декабрындагы N 218 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

112-берене.

1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте жашаган жарандар тарабынан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 2-июлу N 68

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»

49-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартиби

1. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтогон жана өзүнүн жеке каражатынан же болбосо өз шайлоо фондунун каражатынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эсе өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төккөн адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.

2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күнү башталат жана шайлоо күнүнө чейин 75 календардык күн калганда аяктайт.

3. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен чыккан жарандарга, ошондой эле шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө карата белгиленген тартипте катталган саясий партияларга таандык.

Саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу бийликтин аткаруу бутагынын мамлекеттик органы катталган саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин, саясий партиянын мүчөлөрүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоочу булактарга тизмени жарыялайт жана ошол эле мөөнөттө аталган тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт.

4. Саясий партия тарабынан Президенттин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү анын уставында каралган тартипте, саясий партиялар жөнүндө мыйзамдардын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Талапкер тапшырылган документтердин ишенимдүүлүгү үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

Саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколу талапкердин Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызын тиркөө менен саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына машина менен окуй турган түрдө тапшырылат.

Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди берген адамга аларды алгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү.

Ырастама (маалымдама) документтер тапшырылгандан кийин токтоосуз берилет.

5. Президенттин кызмат ордуна талапкерликке көрсөтүү үчүн талапкер же талапкерди көрсөткөн саясий партия Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкүдөй документтерди (Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген форма боюнча басылма түрүндө) берет:

1) өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга ниеттенгендиги жөнүндө талапкердин арызын;

2) талапкер саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн учурда - Президенттин кызмат ордуна аталган саясий партиядан талапкер болуп көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызын тиркөө менен саясий партиянын талапкерди көрсөтүү тууралуу чечиминин протоколу, ошондой эле саясий партиянын уставынын жана саясий партияны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;

3) паспорттун көчүрмөсүн;

4) ушул конституциялык Мыйзамдын 51-беренесинде каралган сертификатты;

5) төмөнкүдөй документтерди:

- башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги тууралуу;

- талапкердин кайсыл бир учурда соттолгондугу, соттуулугу бар экендиги жөнүндө, эгерде талапкер колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде кылмыш деп таанылган жосундары үчүн тиешелүү мыйзам актыларына ылайык соттолгон болсо, талапкердин соттолуусуна негиз болгон Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин беренесинин (беренелеринин) номерин (номерлерин) жана аталышын (аталыштарын), чет мамлекеттин мыйзамынын беренесин (беренелерин) көрсөтүү менен, же соттуулугунун жоктугу жөнүндө;

6) жеке маалыматты, анын ичинде башка мамлекеттин жарандыгынын (анын ичинде мурдагы жарандыктары, башка жарандыгы) бар же болбосо жоктугу жагынан маалыматтарды топтоого жана талдап чыгууга жазуу жүзүндөгү макулдукту.

6. Талапкер ооруп калган, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жаткан учурларды кошпогондо, ал ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына жеке өзү тапшырууга милдеттүү (мында талапкердин арыздагы колунун аныктыгы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек же талапкер дарыланып жаткан стационардык дарылоо-алдын алуу мекемесинин администрациясы, ал шектүү же айыпталуучу катары камакта кармалган мекеменин администрациясы тарабынан жазуу жүзүндө күбөлөндүрүлүүгө тийиш). Талапкердин өтүнүчү боюнча документтерди берүүгө адамдын ыйгарым укуктары талапкер нотариат жөнүндө мыйзамдарга ылайык берген ишеним кат менен ырасталууга тийиш.

Шайлоо документтерин берүү, аларда камтылган маалыматтардын толуктугу жана ишенимдүүлүгү үчүн, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен берилүүчү документтердин таризделишинин шайкештиги үчүн жоопкерчиликти талапкер жана көрсөтүү тартибине карабастан саясий партия тартат.

Жазык же башка жоопкерчиликке алып келүүчү мыйзамдар бузулган белгилер табылган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы укук бузуу фактысын аныктоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн тиешелүү документтерди жана материалдарды укук коргоо органдарына же башка ыйгарым укуктуу органдарга, сотко жөнөтөт.

7. Борбордук шайлоо комиссиясы ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бардык документтер берилгенден кийин, документтерди берген адамга аларды алгандыгы жөнүндө берилген документтердин алынган датасын жана тизмесин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү ырастаманы (маалымдаманы) токтоосуз берүүгө милдеттүү.

8. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринде толук эместик жана (же) ылайык эместиктер бар экендигин тапса, документтерди алгандан кийин 48 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерге же талапкерди көрсөткөн саясий партияга табылган ылайык эместиктер жөнүндө билдирет. Талапкер же саясий партия билдирүүнү алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл документтерди, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

Эгерде талапкер 48 сааттын ичинде зарыл болгон же оңдолгон документтерди бербесе, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерге документтерди кайтарып берет, мында мурда берилген жазуу жүзүндөгү ырастама (маалымдама) жараксыз деп эсептелет. Документтерди кайтарып берүү ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн чегинде талапкерди кайталап көрсөтүүгө тоскоолдук кылбайт.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

50-берене. Президенттин кызматына талапкерге карата коюлуучу талаптар

1. Кыргыз Республикасынын Президенти 6 жылдык мөөнөткө шайланат.

2. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт.

3. Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.

4. Президенттин кызмат ордуна талапкердин Конституцияда ага карата коюлган талаптарга ылайыктуулугун Борбордук шайлоо комиссиясы ушул конституциялык Мыйзамдын 49-беренесинин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер алынгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү ырастаманы (маалымдаманы) талапкерге берген учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде аныктайт. Мында Президенттин кызмат ордуна талапкердин Кыргыз Республикасында жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашагандыгы тууралуу факт чек аралар боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматынын негизинде белгиленет.

Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн талапкер Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келерин ырастаган маалымдаманы көрсөтүлгөн талапкерге берүүгө милдеттүү.

5. Борбордук шайлоо комиссиясы Конституциянын жана ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келген көрсөтүлгөн талапкерлердин маалыматтарын (фамилиясы, аты, атасынын аты) аны көрсөткөн субъектти (өзүн-өзү көрсөтүү, саясий партия) көрсөтүү менен расмий сайтка жарыялайт.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

51-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо

1. Президенттин кызмат ордуна талапкер Өкмөт тарабынан бекитилген, мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо тутумунун талаптарына ылайык "Ортодон жогору" деңгээл катары мүнөздөлүүчү, карым-катыштын бардык чөйрөлөрүндө кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн коммуникативдик компетенциянын деңгээлинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш. Тилди билүүнүн деңгээли белгиленген үлгүдөгү сертификат (мындан ары - мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат) менен ырасталат.

2. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү мекеме тарабынан тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча берилет.

3. (КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

52-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон колдорду чогултуу

1. Президенттин кызмат ордуна талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш.

2. Кол чогултуу талапкердин шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып жүргүзүлөт жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат. Кол коюу барактарын даярдоо жана кол чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт. Талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу кол коюу барактарын даярдоо акысы төлөнгөн күндөн тартып башталат.

3. Кол активдүү шайлоо укугуна ээ шайлоочулардын арасында гана чогултулат. Шайлоочулардын колдорун чогултуу иштеген, кызмат өтөгөн, окуган, жашаган жерлерде, шайлоо алдындагы иш-чараларда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамда үгүттөөгө жана кол чогултууга тыюу салынбаган башка жерлерде жүргүзүлөт.

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигин түрүнө карабастан уюмдардын башкаруу органдарынын, мекемелердин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кол чогултууга катышуусуна, ошондой эле шайлоочуларды кол чогултуу процессине мажбурлоого жана кол койгондугу үчүн аларга сыйакы төлөөгө жол берилбейт.

4. Шайлоочулардын колдорун чогултуу укугу Кыргыз Республикасынын жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жаранына таандык.

5. Шайлоочулар ар башка талапкерлерди колдоп кол коюуга, бирок бир эле талапкерди колдоп бир гана жолу кол коюуга укуктуу.

6. Кол коюу барагынын формасы, колдорду чогултуунун жана текшерүүнүн тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.

Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес.

7. Президенттикке талапкерди колдоп кол чогултуу боюнча кол коюу барактары мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн он миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн ырастаган документ менен бирге ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан шайлоо күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет. Борбордук шайлоо комиссиясы 10 күндүк мөөнөттө каттоо кызматтарынын кызматкерлерин жана сот-эксперттик иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эксперттерин тартуу менен коюлган колдордун аныктыгын текшерет. Кол коюу барактарын кабыл алууда Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир кол коюу барагын мөөр менен күбөлөндүрөт жана кол коюу барактары кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу түрүндө ырастама берет.

8. Коюлган колдордун аныктыгын текшерүү ушул беренинин 1-бөлүгүнө ылайык Президентикке талапкерге зарыл болгон сандагы ишенимдүү колдорду аныктаганга чейин жүргүзүлөт.

Текшерүү жүргүзүүнүн ар бир учуру жөнүндө каттоо үчүн колдорду тапшырган бардык талапкерлер кабарландырылышы керек. Коюлган колдорду текшерүүдө колдордун белгиленген санын тапшырган бардык талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууга укуктуу.

9. Эгерде ушул беренеде каралган талаптар сакталбаса, кол коюу барактары жараксыз деп эсептелет.

10. Борбордук шайлоо комиссиясы жекече маалыматтарды жана кол коюу барактарында көрсөтүлгөн жарандардын башка маалыматтарын текшерүүнү, анын ичинде мыйзамдарга ылайык ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен текшерүүнү жүзөгө ашырат.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча талапкерге, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө талапкерди колдогон шайлоочулардын ишенимдүү колдорунун Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген санын тапшыргандыгын ырастаган Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү документти берет.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

53-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо

1. Каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен ушул конституциялык Мыйзамдын 49-беренесине жана 52-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык мурда берилген документтерге толуктоо катары Борбордук шайлоо комиссиясына биографиялык маалыматтары бар анкетаны берет.

Борбордук шайлоо комиссиясы бардык документтер берилгенден кийин документтерди берген адамга токтоосуз түрдө аларды алгандыгы тууралуу, алган датасын жана берилген документтердин тизмесин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү ырастама (маалымдама) берет.

2. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде аларды текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө чечим чыгарат. Так эместиктер же жетишпеген документтер табылган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы жетишпеген документтерди толуктоо же каталарды оңдоо жөнүндө жазуу жүзүндө корутунду берет. Документ берген адам жазуу жүзүндөгү корутунду алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде жетишпеген документтерди толуктоого же кетирилген каталарды оңдоого милдеттүү. Жазуу жүзүндөгү корутундуда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат.

3. Каттоодон баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) ушул конституциялык Мыйзамга ылайык талапкерди каттоо үчүн зарыл болгон документтерди бербөө;

2) талапкерди колдоп берилген шайлоочулардын ишенимдүү колдорунун санынын жетишсиздиги;

3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

4) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген учурларда талапкер өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;

5) ушул конституциялык Мыйзамдын 21-1-беренесинде каралган талаптарды сактабагандык.

Эгерде талапкер, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербесе, бирок каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин аларды кошумча берсе, шайлоо комиссиясы талапкерди каттоого милдеттүү.

4. Талапкерди каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутка аралыгында талапкерге же болбосо саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негизин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн чечим 5 күндүк мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.

5. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда аяктайт.

6. Президенттин кызмат ордуна талапкер кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жеке өзү жазуу жүзүндө арыз берет же өз өкүлү аркылуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арызын жөнөтөт. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

7. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттагандан кийин 5-календардык күндөн кечиктирбестен ар бир талапкердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, иштеген жана жашаган жерин, ошондой эле анын партиялык таандыктыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөзгө жарыялайт.

8. Борбордук шайлоо комиссиясы каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге катталган датасын көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү күбөлүктөрүн берет.

(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

54-берене. Президенттин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фонду

1. Президенттин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкердин Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугу жөнүндө маалымдама Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан берилгенден кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн шайлоо фондун түзөт.

2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынуучу үгүттүк-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) эсептик көрсөткүчтөн 150000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкердин өз каражаттарынан;

2) эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкерге саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттардан;

3) алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн;

4) алардын ар бири эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу берүүлөрүнөн.

Талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен жумшалуучу чыгымдарынын чектелген суммасы 2000000 жолудан көп эсептик көрсөткүчтөн ашпоосу керек.

Шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашырып жиберүү мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келет.

3. (КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

60-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартиби

1. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 45 календардык күн калганда аяктайт.

2. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү укугуна шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө юстиция органдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар ээ болот. Аткаруу бийлигинин саясий партияларды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ишмилдеттерди жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы каттоодон өткөн саясий партиялардын тизмесин түзөт жана шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирбестен, ар бир саясий партиянын жетекчисин көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары расмий жарыялануучу булактарга тизмени жарыялоону камсыз кылат жана ошол эле мөөнөттө көрсөтүлгөн тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына жиберет. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

3. Тизме боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин жалпы саны 75 талапкерден кем жана 200 талапкерден ашык болушу мүмкүн эмес.

Талапкерлердин тизмесин аныктоодо саясий партия төмөнкү өкүлчүлүктү эске алууга милдеттүү:

- бир жыныстагы талапкерлердин 70 пайыздан ашпоосун, мында саясий партиялардан көрсөтүлгөн аял жана эркек талапкерлердин тизмесиндеги кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпоосун;

- 35 жаштан ашпаган талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем болбоосун, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек;

- кеминде 2 талапкердин - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардан болуусун, мында булардын бири биринчи 50 талапкердин тизмесине киргизилиши керек.

4. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык саясий партиядан талап кылынуучу шайлоо документтерине кол коюу укугуна ээ саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аты-жөнүн жана маалыматтарын көрсөтүү менен, Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоого катышары тууралуу жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек. Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариалдык ырасталган көчүрмөсү тиркелүү менен, саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталуусу тийиш.

Эгерде анын уставында камтылган аталышынын жана энбелгисинин кыскача сыпаттамасы саясий партиянын шайлоо документтеринде пайдаланылуучу кыскача аталышынан жана энбелгисинен айырмаланган учурда, аларды Борбордук шайлоо комиссиясы менен макулдашат. Саясий партиянын аталышы жана энбелгиси Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөндөн кийин, шайлоо жүрүмү аяктаганга чейин аларды өзгөртүүгө жол берилбейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияга ушул билдирмени алганы жөнүндө токтоосуз жазуу жүзүндө ырастама жана саясий партиянын шайлоо фондун түзүү максатында атайын шайлоо эсебин ачуу үчүн маалымдама берүүгө милдеттүү.

5. Кол тамга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

Талапкерлердин тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин, талапкерлердин чыгып кетүүлөрүнөн улам болуучу өзгөрүүлөрдү кошпогондо анын курамы жана ага талапкерлерди жайгаштыруунун тартиби өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. Бул учурда чыгып кеткен талапкердин ордун ушул берененин 3-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен партиянын башка мүчөсү ээлейт.

(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

61-берене. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо

1. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет:

1) саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин;

2) талапкерлердин тизмесине киргизилген ар бир талапкер тарабынан толтурулган, өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын атайын формаларын, паспортунун көчүрмөсүн, иштеген же окуган жеринен маалымдаманы, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө, соттолгондук жөнүндө маалыматтарды, чет мамлекеттин жарандыгы (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) бар же жок экендиги жагынан жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;

3) шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.

Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүчү документтер саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү талапкер көрсөтүлгөн учурда жана буга байланыштуу ушул конституциялык Мыйзамда каралган өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды өз алдынча жазууга, башка документтерди толтурууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, бул адам башка адамдын жардамынан пайдаланууга укуктуу. Мында каттоо документтерин толтурууга жардам берип жаткан адамдын ыйгарым укуктары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясы көрсөтүлгөн документтерди берген адамга аларды алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө ырастама (маалымдама) берүүгө милдеттүү. Ырастама (маалымдама) документтер берилгенден кийин токтоосуз берилет.

2. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар өзүнүн шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондуна мыйзамдарда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн элүү миң эселенген өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төгөт.

(Абзац КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Борбордук шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоону жүзөгө ашырат же каттоодон баш тартуу тууралуу жүйөлүү чечим чыгарат. Көрсөтүлгөн текшерүү анын ичинде мыйзам менен бекитилген электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Мында эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин документтеринен же талапкерлердин тизмесинен ушул талапкерди же талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган ылайыксыздыктарды тапса, шайлоо комиссиясы документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде саясий партияга ушул ылайыксыздыктар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Саясий партия билдирме алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

4. Бир эле адамды талапкерлердин бир тизмесинен ашык каттоого жол берилбейт.

5. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда аяктайт.

6. Эгерде ушул беренеде белгиленген мөөнөттөрдө шайлоо округу боюнча бир да талапкерлердин тизмеси катталбаган же талапкерлердин бир гана тизмеси Катталган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча шайлоо талапкерлердин тизмесин кошумча көрсөтүү жана андан кийинки шайлоо аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн 25 календардык күнгө кийинкиге жылдырылат.

7. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө баш тартуунун негиздерин баяндоо менен, шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.

Баш тартуунун негиздери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө;

2) көрсөтүүнүн ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо;

3) талапкерде пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;

4) ушул шайлоодо талапкердин башка саясий партиянын тизмесинде катталуу фактысы болгону;

5) саясий партиянын өз шайлоо фондун түзбөгөнү;

6) талапкердин башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүүлүгү;

7) шайлоону дайындоо датасына чейин 6 айдан аз калганда саясий партияны мамлекеттик каттоо.

Эгерде саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү ушул беренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн зарыл болгон документтердин баарын бербеген учурда, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча берген учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоого милдеттүү.

8. Талапкерлердин тизмесине киргизилген айрым талапкерлерге карата ушул беренеде каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болгону, талапкерлердин тизмесинен аларды гана чыгарып салуу үчүн негиз катары кызмат кылат.

9. Талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу тууралуу чечим, чечимди алган учурдан тартып 2 календардык күндүн ичинде жогору турган шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.

10. Талапкерлердин тизмесинде турган талапкер кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясына жеке өзү жазуу жүзүндө арыз берүү же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арызды ыйгарым укуктуу адам аркылуу берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алууга милдеттүү.

Саясий партия кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 5 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берүү менен, айрым талапкерлерди катталган тизмеден чыгарып салууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде, талапкерлердин тизмесин каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алат.

Саясий партия кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө тиешелүү арыз берүү менен, талапкерлердин тизмесин чакыртып алууга жана шайлоого катышуудан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү талапкерлердин тизмесин каттоо тууралуу чечимди жокко чыгарууга милдеттүү.

11. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин 5 календардык күндөн кечиктирбестен, саясий партиялардын аталыштарын, ошондой эле саясий партиядан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн) көрсөтүү менен, талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө билдирүүнү басма сөздө жарыялайт.

12. Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде талапкерлерге катталган күнүн көрсөтүү менен талапкердин тиешелүү ырастамасын берет.

(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2017-жылдын 5-июнундагы N 96, 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

62-берене. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фонду

1. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн, ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өздөрүнүн шайлоо фонддорун түзөт.

2. Шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан эске алынуучу үгүттүк-маалыматтык мүнөздөгү материалдардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

1) эсептик көрсөткүчтөн 15000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкерлердин тизмесине киргизилген, талапкердин өз каражаттарынан;

2) эсептик көрсөткүчтөн 1000000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;

3) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;

4) өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 30000 эседен ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 3000000 эседен ашуусу мүмкүн эмес.

Шайлоо фондун түзүү тартибин бузуу жана шайлоо фондунун чыгымдарынын чектелген суммасынан ашырып жиберүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги N 88, 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 14-июлу N 98

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»

49-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү

1. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күн калганда аяктайт.

Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө чейин 30 календардык күн калганда аяктайт.

2. Талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга;

2) айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.

3. Саясий партия төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө укуктуу:

1) пропорциялуу система боюнча шайлоодо - ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык орундардын санынан бир жарым эседен кем эмес ашкан сандагы талапкерлерди;

2) мажоритардык система боюнча шайлоодо - ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ал округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган сандагы талапкерлерди.

3-1. (КР 2016-жылдын 21-январындагы N 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.

5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат.

6. Саясий партиялар башка партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.

7. Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан, шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш.

8. Өзүн көрсөтүү тартибинде жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.

9. Саясий партия тарабынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө басылган түрдө берилет.

10. Бирдиктүү шайлоо округу же көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими саясий партиянын же партиянын аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин коюлган колу жана саясий партиянын мөөрү менен ырасталат.

(КР 2011-жылдын 12-октябрындагы N 170, 2012-жылдын 6-июлундагы N 99, 2012-жылдын 3-августундагы N 149, 2014-жылдын 21-ноябрындагы N 158, 2016-жылдын 21-январындагы N 8 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)