№336 Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө

2017 жылдын 7-августунда Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өттү.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген "Шаардын мэрин шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо 2017-жылдын 25-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 7-августу,  
№ 336