№376 Баткен облусунун Лейлек; Жалал-Абад облусунун Чаткал; Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Б.Б. Айтемировдун, Ч.Э. Тажибаевдин, А.К. Сулайманкуловдун, У.К. Раимбековдун комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Замандаш” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Айтемиров Белек Бердинбаевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тажибаев Чынгыз Эшназарович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Муратов Касым Бабаевич,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Туркбаева Нургул Эгемназаровна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сулайманкулов Актан Кыдырбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Рысбеков Улан Акжолович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Туран” саясий партиясынан  көрсөтүлгөн Раимбеков Усөн Кубанычбекович  комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Акымбеков Сапарбай Мамытканович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 25-августу 
№ 376