№ 282 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы ПЖ № 213  Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 25 шайлоо участканы камтыган 1 бирдиктүү шайлоо округ түзүлгөн.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан берилген  Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37,40,56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 26-декабрындагы Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жана Жалал-Абад шаардык кеңешине жиберилсин.

3. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2016-жылдын 30-декабры

№ 282