26.05.2021 №319 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2021-жылдын 16-майында Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 3-майындагы № 45 чечими менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин № 2199 шайлоо участогунда кайра добуш берүү болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 20-майындагы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бүргөндү айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке жиберилсин.

4. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттасын жана аларга ырастамаларды жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М. Конурбаевге жүктөлсүн. 

 

          ТӨРАГА                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 26-майы

№ 319