21.08.20 № 170 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагындагы, Нарын шаарындагы, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак, Атабеков, Ырыс жана Ленин айыл аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагындагы, Нарын шаарындагы, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак, Атабеков, Ырыс жана Ленин айыл аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

Ат-Башы, Нарын шаардык жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун № 4004 шайлоо участкасынын дареги М. Өмүракунов көчөсү, 188 дарегиндеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратынан М. Өмүракунов көчөсү, 162/3 «Чатыр-Көл» кинотеатрынын имаратына өзгөртүлсүн.

2. Нарын шаарындагы төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:

- № 4063 шайлоо участкасынын дареги Турдубаев көчөсү, 28 дарегиндеги санитардык эпидемологиялык станциясынын имаратынан Турдубаев көчөсү, 39 Нарын шаардык маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн;

- № 4064 шайлоо участкасынын дареги Качкынов көчөсү, 5 дарегиндеги Нарын облустук ооруканасынан Тоголок Молдо көчөсү, 39 Нарын райондук маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн;

- № 4071 шайлоо участкасынын дареги Мырзабеков көчөсү, 5 дарегиндеги Нарын жол курулуш имаратынан Ленин көчөсү, 112 дарегиндеги Нарын шаардык китепканасынын имаратына өзгөртүлсүн;

3. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлсүн:

- № 2424 шайлоо участкасынын дареги Сузак айылындагы санитардык эпидемологиялык станциясынын имаратынан Сузак айылындагы Дакан-Палван көчөсү, 75 С. Акбаров атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.

- № 2124 шайлоо участкасынын дареги С. Атабеков айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынан Бек-Абад айылындагы Ураимжан Ата көчөсү, 3-А дарегиндеги «Ынтымак» бала-бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.

- № 2393 шайлоо участкасынын дареги Ырыс айылдагы жеке менчик ишканасынын имаратынан Күмүш-Азиз айылындагы Тиллабай Ажы көчөсү, 23 муниципалдык спорттук комплексинин имаратына өзгөртүлсүн.

- № 2059 шайлоо участкасынын дареги Ленин айылындагы Ю.А. Гагарин атындагы орто мектебинин имаратынан Ленин айылындагы Поращай көчөсү, 12 Ч. Айтматов атындагы маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлсүн.

4. Ат-Башы, Нарын шаардык жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөрүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

                 Төрага                                                               Н. Шайлдабекова

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 21-августу

170