26.04.2021 №135 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо, Мангыт, Алля Анаров, Чек-Абад, Тоо-Моюн, Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо, Мангыт, Алля Анаров, Чек-Абад, Тоо-Моюн, Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо, Мангыт, Алля Анаров, Чек-Абад, Тоо-Моюн, Нурабад, Тепе-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
Ош облусунун Араван районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Араван аймактык шайлоо комиссиясына 1, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2 арыз жана даттануулар келип түшкөн. Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-апрелиндеги
- Керме-Тоо айылдык кеңешинин
- Мангыт айылдык кеңешинин
- Алля Анаров айылдык кеңешинин
- Чек-Абад айылдык кеңешинин
- Тоо-Моюн айылдык кеңешинин
- Нурабад айылдык кеңешинин
- Тепе-Коргон айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Араван аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Араван аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялагандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 26-апрели
№ 135