09.12.2020 №423 2020-жылдын 3-декабрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак  районунун Көк-Арт  айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 19-ноябрындагы № 358 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Жумуков Эмильбек Маматжанович жана Эгембердиев Темирбек Калыбекович жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталып катталышкан.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 3-декабрындагы протоколу менен Көк-Арт  айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын баардыгы катышып, Э.М. Жумуков 13 добуш, Т.К. Эгембердиев 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы»  позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 3-декабрындагы протоколу менен Жумуков Эмильбек Маматжанович Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт  айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 

2020-жылдын 3-декабрындагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Арт  айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылдын 3-декабрында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Сузак  районунун Көк-Арт  айыл өкмөтүнүн башчысын кайра  шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Сузак   аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 3-декабрындагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Сузак  районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра  шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Жумуков Эмильбек Маматжанович Жалал-Абад облусунун Сузак  районунун Көк-Арт  айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы Көк-Арт  айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                              А. БЕКМАТОВ

 

Бишкек ш., 2020-жылдын  9-декабры

№  423