№ 132 Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын ишин карап чыгуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) “ЭлАман”, “Ар-Намыс” (Партия достоинства), “РЕСПУБЛИКА” саясий партияларынан алардын укуктарын бузуу, атап айтканда, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин талаптарын бузуу жөнүндө Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын укукка жат аракеттерине даттануулар жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө карата чараларды көрүү жана аны таратуу жөнүндө өтүнүчтөр келип түшкөн.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49- жана 53-беренелеринин ченемдерин колдонуу тартиби жөнүндө маселе 2012-жылдын 24-октябрында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талкууланган жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин жана талаптарын бир түрдүү колдонуу жана шайлоо процессинин субъекттери үчүн бирдей укуктук шарттарды сактоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы аймактык шайлоо комиссияларынын, анын ичинде Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын дарегине түшүндүрмөлөрдү жөнөткөн.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын жогоруда көрсөтүлгөн түшүндүрмөлөрүн этибарга албастан, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 24-октябрындагы №10 чечими менен «ЭлАман» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тарткан.

Аймактык комиссиянын жогоруда көрсөтүлгөн чечимине макул болбостон, саясий партия Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна кайрылган. Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун 2012-жылдын 25-октябрындагы чечими менен «ЭлАман» саясий партиясынын төрагасынын далилдери негиздүү деп табылган, ал эми Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын кабыл алган чечими мыйзамсыз катары жокко чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2012-жылдын 30-октябрындагы токтому менен Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун 2012-жылдын 25-октябрындагы чечими жарым-жартылай өзгөртүлгөн, чечимдин резолюциялык бөлүгүнөн «жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы «ЭлАман» саясий партиясынын талапкерлеринин калган тизмесин каттоого милдеттендирилсин» деген сөздөр алып салынган, райондук соттун чечиминин калган бөлүгү өзгөрүүсүз калтырылган.

Бирок Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому жарыяланган учурдан тартып бир суткадан ашык убакта жыйналыш өткөрүү үчүн чогула алган эмес жана саясий партияны каттоо жөнүндө маселени маңызы боюнча карай алган эмес.

Ошондой эле «ЭлАман» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлү ал Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышына киргизилбегендиги жөнүндө билдирген. Ошонун өзү менен, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 23-беренелеринин талаптары бузулган, аларда шайлоо комиссиялары үчүн өз ишин мыйзамдуулуктун, маалымдуулуктун жана ачыктыктын принциптеринде жүргүзүүгө негизги ченемдери бекемделген.

Мурда, 2012-жылдын 18-январында, Борбордук шайлоо комиссиясы Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен байланышкан аракеттерин карап чыкканын жана анын айрым чечимдерин жокко чыгарганын белгилей кетүү керек.

Ошентип, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдери жана талаптары бир нече жолу бузулган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине,
6-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2,26-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы таратылсын.

2. Борбордук шайлоо комиссиясынын Жайыл аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Г.Копосбаеванын ишиндеги кемчиликтер көрсөтүлсүн.

3. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө комиссиянын резервинин курамынан Жайыл аймактык шайлоо комиссиясын түзүү боюнча сунуштарды берсин.

4. Борбордук шайлоо комиссиясынын Жайыл аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү аймактык шайлоо комиссиясынын документтерин, материалдык-техникалык байлыктарын жана мөөрүн кабыл алууну-өткөрүп берүүнү жүргүзсүн.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                          Т.АБДРАИМОВ

 Бишкек ш., 2012-жылдын 31-октябры

№ 132