11.06.2021 -ж. № 399 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 205 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэринин кызмат ордуна 3 талапкер – Рысов Чынгызбек Абдижалилович «Мурас», «Республика», «КЭДП» депутаттык фракциясынан, Козубаев Ташполот Раимович «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясынан, Тагаев Бактыбек Исманалиевич «Ынтымак» депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Исфана шаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 31 депутаты катышып, Ч. Рысовго - 17 добуш, Т. Козубаевге - 9 добуш, Б. Тагаевге - 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Рысов Чынгызбек Абдижалилович Исфана шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 7-июнундагы Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 7-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Рысов Чынгызбек Абдижалилович Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Исфана шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 11-июну
№ 399