№ 210 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51,62-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгү жөнүндө жобо бекитилсин (1-тиркеме).

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын күбөлүгүнүн үлгүлөрүнүн сыпаттамасы бекитилсин (2-тиркеме).

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгиси жөнүндө жобо бекитилсин (3-тиркеме).

4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгисинин үлгүлөрүнүн сыпаттамасы бекитилсин (4-тиркеме).

5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын № 82 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча  документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө" Жобонун № 1, 2, 3, 4,5 тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2016-жылдын 14-ноябры

№ 210