«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 6-пунктуна, 22-беренесиндеги 10-бөлүктүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» Жобого, 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого» ылайык, Чүй облусунун Жайыл районундагы Жайыл айылдык кеңешинин 2013-жылдын 4-мартындагы № 4 жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 14-майындагы протоколдорунун; А.Р.Апсаматовдун арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- резервдин курамына Абдыкулова Жылдыз Нурмухамбетовна киргизилсин – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- резервден комиссиянын курамына Абдыкулова Жылдыз Нурмухамбетовна киргизилсин – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
2. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын төмөнкү мүчөлөрү чыгарылсын: Нарынбекова Мырзабубу – «Айкөл эл» саясий партиясынан, Тобокелов Бакыт Сакайович – «Замандаш-Современник» саясий партиясынан; Кыбраева Айсалкын Семетеевна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- резервден комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин: Халилова Гевэр Мирзаевна – «Республика» саясий партиясынан, Касымбеков Нурбек Макулбекович – «Кыргызстана Демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан; Алымбаева Нагима Джолдушпаевна – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
3. Жалал-Абад облусунун Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын мүчөсү Апсаматов Абдумалик Рысбекович чыгарылсын – «Замандаш-Современник» саясий партиясынан;
- резервден комиссиясынын курамына Эгембердиев Масалбек киргизилсин – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш. 2013-жылдын 21-майы
№ 83