№142 2013-жылдын 23-августунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2013-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 6-августундагы № 133 токтому менен Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл өкмөтүнө, Чуй облусунун Панфилов районуна караштуу Орто айыл өкмөтүнө, Чуй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүнө дайындалган, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү.

Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөт башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2013-жылдын 23-августундагы Ош облусунун Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1 Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2 Мадимаров Нуридин Султанович Ош облусунун Ноокат районунун Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.

2. 2013-жылдын 23-августундагы Чүй облусунун Панфилов районунун Орто айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1 Орто айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2 Арыков Эркин Улукбекович Чүй облусунун Панфилов районунун Орто айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.

3. 2013-жылдын 23-августундагы Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

3.1 Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.2 Кушчубаев Арфел Талантбекович Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылсын.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Т. Д. АБДРАИМОВ                                                    

                                                         

Бишкек ш., 2013-жылдын 5-сентябры

№ 142