№183 Көк-Ой, Нурманбет, Миң-Булак жанаТүп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Чүй облусунун
Ысык-Ата районунун Нурманбет, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп
айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө
Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 2-октябрындагы № 61 буйругу менен Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Мамбетова Элмира Кубанычбековна, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 8-октябрындагы № 77-б буйругу менен Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы Ниязов Анарбек Зайнидинович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
2018-жылдын 5-октябрына дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугуна байланыштуу өткөн жок.
2018-жылдын 5-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо биринчи турда эки катталган талапкер депутаттардын добуштарынын тең санын алып калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Көк-Ой, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 26-октябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 23-октябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 9 - октябры
№ 183