№ 218 Кыргыз Республикасынын референдумундагы (бүткүл добуш берүүдөгү) шайлоо комиссиялардын протоколдорунун формаларын бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 34-37 беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Кыргыз Республикасынын референдумундагы (бүткүл добуш берүүдөгү) шайлоо комиссиялардын протоколдорунун формалары бекитилсин (тиркелет).

2.Шайлоо комиссиялардын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана референдумдун натыйжалары жөнүндө протоколдорунун формалары А3 форматтагы атайын коргоосу бар кагазда даярдалсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                       Н.ШАЙЛДАБЕКОВА 

 Бишкек ш., 2016-жылдын 18-ноябры

 

№ 218