№207 Талас облусунун Кара-Буура, Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Б. Белеков, К.С. Туленалиева комиссиянын курамынан, Э.К. Сариева, Данияр уулу Н., Т.А. Самарбеков, А.А. Шаршембиева комиссиянын резервинен чыгаруу, К.К. Абдыкеримова, А.А. Сейтимбетова резервден комиссиянын курамына киргизүү жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренелеринин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-“Эмгек” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Белеков Бекболсун комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сариева Эльмира Кочоновна, “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Данияр уулу Нурсултан резервден чыгарылсын;

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдыкеримова Клара Кушубековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Туленалиева Каныкей Сабиргазыновна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Самарбеков Талант Аскарбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шаршембиева Асель Асылбековна резервден чыгарылсын;

-“Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сейтимбетова Алтынай Айтбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 6 -июлу

№ 207