Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … №25 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо …

№25 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тарти

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22,24,25-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө” Нускама бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом жана бекитилген  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө” Нускама “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Буд токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

 

         Төрага                                                               Т.Абдраимов

 Бишкек ш., 2012-жылдын 2-февралы

№ 25

 

 Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук  комиссиясынын

2012 –жылдын 2-февралындагы

№ 25 токтому менен бекитилген

 

  

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде талапкерлерге,

саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда

басма аянтын берүү тартиби жөнүндө НУСКАМА

 

I. Жалпы жоболор 

 

         1. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүү тартиби жөнүндө” бул Нускама (мындан ары-Нускама) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамыныын 22-беренесинин 19-пунктун, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан.

 

         2. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмалардын басма аянтын берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт.  

 

         3. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же алардын ведомствого караштуу мекемелери жана ишканалары болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.

 

         4. Ушул Нускаманын 1-главасынын 3-пунктунун колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары ушул Нускамага ылайык талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын, басма аянтын келишимдик негизде берүүгө укуктуу.

 

II. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулар тобуна телерадиоуюмдардын каналдарында обо убактысын, мезгилдүү басылмаларда басма аянтын берүүнүн тартиби жана шарттары

 

         5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумуш күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш.

 

         6. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы катталган жана берүүгө келген талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун ортосунда тең негизде бөлүштүрүлөт.

 

         7. Акысыз бөлүнгөн эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнүн кеминде үчтөн бири талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга, шайлоочулар тобруна дискуссияларды, "тегерек столдорду" жана буларга окшогон үгүт иш-чараларын биргелешип өткөрүү үчүн гана каралат. Эфирдик акысыз убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна тең негиздерде жол берилүүгө тийиш.

         8. Ушул Нускаманын 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун колдонулушуна туш келген телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын берүүнүн тартибин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

         9. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле- жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы шайлоо комиссиялары тарабынан телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун ортосунда теңдештик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт.

III. Телерадиоуюмдардын каналдарында дебаттарды өткөрүү учурундагы талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулар тобунун укуктары

 

         10.  Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору ушул Нускаманын 1-главасынын 3-пунтунун колдонулушуна туш келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телекөрсөтүүлөрдү, радио уктурууларды жүзөгө ашыруучу телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилген обо убактысын пайдаланууга укуктуу.

 

         11. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалары аудиториянын көпчүлүгүн чогулткан - саат 20дан саат 24кө чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.

         12. Телерадио берүү уюмдарынын каналдарындагы биргелешкен үгүт иш чараларына катталган талапкерлер жеке өздөрү гана, саясий партиялар жана шайлоочулардын топтору - ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары аркылуу катыша алат.

         13. Биргелешкен үгүт иш чараларына катышуудан баш тартуу катталган талапкер, саясий партия же шайлоочулардын топтору үчүн берилген акысыз обо убактысынын өлчөмүн көбөйтүүгө алып келбейт.

         14. Эгерде талапкер, саясий партиянын өкүлү, шайлоочулардын топторунун өкүлү жүйөөлүү себептер боюнча биргелешкен үгүт иш чараларына катыша албай калса, анда алар биргелешкен үгүт иш чараларына катышпай калган башка талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору менен катар өзүнүн обо убактысын пайдаланууну өтүнүүгө укуктуу.

 

IV. Телерадиоуюмдарга, мезгилдүү басылмаларга коюлган талаптар

         15. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы тарабынан шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен жарыяланууга жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берилүүгө тийиш.

         16. Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылуучу маалымат материалдарынын мазмуну калыс, анык болууга тийиш, талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун теңдигин бузууга, кандайдыр-бир талапкерге, саясий партияга, шайлоочулардын тобуна артыкчылык берилүүгө тийиш эмес.

         17. Теле- жана радио берүү учурунда талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөзүн үзгүлтүккө учуратууга, ошондой эле аларды кандайдыр бир комментарийлер менен коштоого тыюу салынат.

         18. Обо убактысы, мезгилдүү басылмалардагы басмалары үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору үчүн бирдей болууга тийиш.

         19. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын берген телерадио уюмдары менчигинин түрүнө карабастан башка талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыттын көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) берүүгө милдеттүү.

         20. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле- жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы шайлоо комиссиялары тарабынан телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун ортосунда теңдештик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт.

         21. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды кошпогондо, ушул Нускаманын 1-главасынын 2-пунктунун колдонушуна туш келген жалпыга маалымдоонун мезгилдүү басылма каражаттары талапкерлердин катталган тизмесин көрсөткөн талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору тарабынан берилүүчү материалдар үчүн А4 форматындагы бир беттен кем болбогон өлчөмдөгү акысыз басылма аянттарды тең шарттарда бөлүп берүүгө тийиш.

         22. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар менчигинин түрүнө карабастан ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.

         23. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басма сөз басылмалары үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана түрдө болбосун толук катышпаган шартта кандай гана түрдөгү болбосун үгүт материалдарын жарыялоодон баш тартууга жол берилет.

         24. Ушул Нускаманын 1-главасынын 2-пунктунун колдонулушуна туш келген телерадио уюмдары шайлоонун деңгээлине жараша талапкерлердин, саясий партиялардын жана шайлоочулардын топторунун үгүт жүргүзүү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысын резервге калтырууга милдеттүү.

         25. Көрсөтүлгөн обо убактысы келишимдин шартында тиешелүү талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын топторунун талабы боюнча акыга берилүүгө тийиш.

         26. Резервге калтырылган акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмү акысыз обо убактысынын жалпы көлөмүнөн кем болбоого, ал эми акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору үчүн бирдей болууга тийиш.

         27. Мында ар бир талапкер, саясий партия, шайлоочулардын топтору резервде калтырылган обо убактысынын жалпы көлөмүнөн ал көлөмдү талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун жалпы санына бөлүүдө алынган үлүшүнүн чегинде убакыт алууга укуктуу.

         28. Талапкерлерге, саясий партияларга, шайлоочулардын топторуна акы төлөнүүчү обо убактысынын наркы шайлоону дайындаган күнгө чейинки 6 ай мурда алынып жүргөн нарктан ашпоосу керек.