№445 Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө
Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 01-15/31 тескемесине ылайык, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы Эшмурзаев Каныбек Тайирович, өзүнүн каалоосу боюнча, жеке арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 3-октябрына дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2017-жылдын 15-сентябры,
№445