№130 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-мартындагы № 59 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун  Тоң районунун Улахол, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Ысык-Көл районунун Бостери, Кара-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоо жана  2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен дайындалган Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.

Тон районунда Улахол айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Улахол айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 5 шайлоо округ жана 5 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 4188ди түзүп, анын ичинен 2232 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 53,29% тузөт.

Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Кызыл-Суу айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 5 шайлоо округ жана 6 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 8158ди түзүп, анын ичинен 3259 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 39,94 % түзөт.

Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Бөрү-Баш айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 1 шайлоо округ жана 2 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 1473тү түзүп, анын ичинен 650 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 44,12 % түзөт.

Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Кара-Жал айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 2908ди түзүп, анын ичинен 1043 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 35,86 % түзөт.

Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Бостери айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 4 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 6221ди түзүп, анын ичинен 3228 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 51,88 % түзөт.

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Кара-Ой айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 1 шайлоо округ жана 2 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 2317ни түзүп, анын ичинен 1146 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 49,46 % түзөт.

Тоң районунун Улахол, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш, Кара-Жал, Ысык-Көл районунун Бостери, Кара-Ой айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).

2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (2-тиркеме).

3. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 29-майындагы протоколу бекитилсин (3-тиркеме).

4. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 29-майындагы протоколу бекитилсин (4-тиркеме).      

5. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (5-тиркеме).      

6. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (6-тиркеме).

7. Бул токтомдун көчүрмөсү Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

8. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 5-июну

№130